7 БӨЛМӨЛҮҮ БОЗ ҮЙ –7 ДУБАНДЫН БИРИГИШИ

Көчмөн элдердин акылынан жаралган, жайында салкын, кышында жылуу, кол өнөрчүлүктүн туу чокусу – боз үй. Көл кылаасынын көңүлүн бурган бул боз үйдүн өзгөчөлүгү жети бөлмөлүү экендигинде.

Кол өнөрчү МУРАТ АБЫЛКАСЫМОВ:
«БОЗ ҮЙДҮ ЫНТЫМАК ЖЫЛЫНА АРНАП ЖАСАДЫК»

– Мурат, боз үйүңүз өзгөчө экен, маегибиздин башында деги эле боз үй тууралуу айта кетсеңиз?
– Жакшы болот. Жалпысынан баарын боз үй дей беребиз. Эң кичинекейи жана жөнөкөйү – кереге, уук баштарын кайчылаштырып жасалган алачык. Алардын жампа алачык, сайма алачык, кара алачык жана башка аталыштары бар. Андан кийин боз үйдүн уук, керегесине карай ак үй, чоң ак үй, ак өргөө болуп уланып кете берет. Ал эми сапатына карай тор көз, ара көз, жел көз деп керегенин көзүнө карай айтылат. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, эпчи жакка казан-аяк кармаган кыз-келиндер, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат.

– Жыгачтары кайсы бактан жасалат?
– Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары жапан тал жана турпан талдан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат болуп кете берет.

– Ушул убакытка чейин канча боз үй жасоого жетиштиңиз?
– Жалпысынан 30дай боз үй жасаганбыз. Алардын баары 75-85 баш болчу. Айтканга оңой болгону менен, иш жүзүндө боз үй жасоо бир топ кыйынчылык жаратат. Андыктан жалгыз адам жасай алчудай эмес. Биз көп жылдан бери сегиз адамдан турган жамаат бирге иштейбиз. Жубайым да боз үйдүн кийиздерин тигип, жасалгалайт.

– Жети бөлмөлүү боз үй жасап калышыңыздардын себеби эмнеде?
– 2012-жыл – Үй-бүлө жана ынтымак жылы эмеспи. Мына ошого байланыштуу Салават деген жигиттин идеясы жана демилгеси менен жети бөлмөлүү боз үй жасоого бел байлаганбыз. Көптөгөн кол өнөрчүлөрдөн кеңеш сурасак, «буга чейин 2 бөлмөлүү кылып тургузганбыз» дегендер болду. Кубанычтуусу, жети эшиктүү мындай долбоор 1-жолу жасалып жатат. Кадимки боз үйлөрдөн алда канча көлөмдүү, кооз. Чоң болгондугуна жараша жумушту да ошондой талап кылды. Боз үйдү жасоого 500 килограммдан ашык кийиз, беш боз үй жасай турган жыгач кетти. Эки ай убактыбыз кетти.

Жети бөлмөлүү боз үйдү ойлоп тапкан САЛАВАТ ИМАШЕВ:
«КЫРГЫЗДЫН ЫНТЫМАГЫН ЧАГЫЛДЫРГЫМ КЕЛДИ»
– Боз үйдүн маанисинде жети дубан – бир түндүк деп, тутунганыбыз, эңсегенибиз, жолубуз бир болсун деп кыргыздын ынтымагын чагылдыргым келди. Албетте, боз үйдү жасап койсо эле кыргыз ынтымакка келип калбайт, бирок «жакшы тилек – жарым ырыс» деп ниет кылдык. 25-сентябрь – Бишкек шаарынын күнүнө карата борбордук аянтка боз үйдү тигип, элге көргөзүп мактаналы дедик. Бир коркконум, кыргыздын боз үйүнүн маанисин, философиясын бузуп алган жокпузбу, эл кандай кабыл алат деп ойлогонбуз. Эл идеябызды абдан жакшы кабыл алып, алкыштарын айтышты. Кудай буюрса, бул боз үй Кыргызстанда болгон чоң тойлорго тигилип, жети дубандан келген коноктор ушул боз үйгө отурушса деп ойлоп жатабыз. Бирок акчанын тартыштыгынан жасаган боз үйүбүз тиешелүү деңгээлге жетпей калды. Эми демөөрчү таап, тиешелүү деңгээлге жеткизип, кооздоп, башка мамлекеттерге чейин кыргыз өз маданияты менен деле өнүгө алат деп кыдыралы деген оюбуз бар.
Боз үйдүн туурасы 13 метр. Ал эми бөлмөлөр 3 метрден. Ортоңку чоң, негизги бөлмө 7 метр. Кудай буюрса, жайында улуттук ашкана кылып иштетели деп турабыз. Убакыт өтүп кийин кыргыздын накта боз үйү унутулуп, бул боз үйгө өтүп кетпес үчүн «Кыргыз патентине» кайрылып, арыз жазып койгом. Буюрса, ал укугум колго тиет.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aktylek
2012-12-11 01:21:18
менин чон атам боз уй жасачу эле мурун.
0
Gul.08
2012-12-14 03:09:02
Жакшы Аябай Сонун чыгыптыр)))Кыргызстаныбыз онуго Берсин !!!
0
Meder-88
2012-12-14 20:41:49
magada jakty. Onorun orkundoi bersin. Iygilik sizderge
0
_xXx_
2013-01-07 15:02:24
эми туура колдонушса болду. Идеясы жакты!
0
Jazgull
2013-02-27 12:22:08
Баракелде сизге Мурат байке!
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан