КАР ЖААП ЖАТТЫ...

Кар жаап жатты. Аппак, жупжумшак... Сейил бактын ичиндеги кар жамынган отургучта жанатан бери жигит кимдир бирөөнү күтүп отурду. Алаканына көпөлөктөй жепжеңил учуп түшүп, бат эле эрип жаткан карды карап сүйүктүүсү менен кантип таанышканын эсине түшүрдү. Анда да ушул бүгүнкүдөй аппак кар жаап турган.
Иш күнү эле. Жигит бирдик салмакка кеңседен чыгып, дүкөндү көздөй бараткан. Орто жолдогу кафенин тушуна жакындай бергенде алдын караган Бектур көзүнө ишене бербей жумуп, кайра ачты. Өңү экен. Алды жакта кыялында элесин түзүп алган кыз келе жатат. Ак жуумал, шыңга бойлуу, назик... Бирөө менен телефондон сүйлөшө, күлүп келатат. Күлгөн сайын ууртундагы жарашыктуу уячасы байкалып, кыздын ажарын андан бетер ачат. Кыска тончон кыз негедир жылаң баш экен. Кулпурган чачтарына конгон кар кызды ого бетер аппак кылып көрсөтүп, жигиттин жүрөгүн туйлатып жиберди. Өзүн теше тиктеп турган көздү сездиби, сүйлөшүп болгон кыз башын көтөрө Бектурга тике карап келе берди. Жакындай түшкөндө кыз ичинен «жагымдуу жигит экен» деп алды. «Эмнеси болсо да таанышып калуу керек» деп тызылдаган Бектур кызды карай умтулду.
– Чоң кыз, токтосоңуз... Мен...
Жигиттин сөзүн чурулдаган кыздардын үнү бузуп жиберди.
– Мээримка, бол, сени күтүп жатабыз.
– Бол, бол чурка, күттүрбөй...
Кафенин сыртындагы шарактаган курбуларына кол булгалаган кыз жигитке кайра карап жылмайып койду да, шашылыш жөнөй берди. «Кап, шайтандай болуп кайдан чыгышты эле...» Кыздын курбуларына жини келген Бектур анын артынан кафенин жанына кантип келип калганын байкабай да калды. «Азыр кетип калсам, анда экинчи көрбөй калам. Өзүм болсо канча жылдан бери кыялымдагы кызга эми жолугуп отурсам. Жок, кетүүгө мүмкүн эмес» деген ой жигитти ошол жерге тушап кармай берди. Бирдик да, жумуш да эсинен чыкты. Кар лапылдата жаап жатат. Бир кезде топурап, каткырышкан баягы кыздар кафеден чыга башташты. Жигит көзү менен жанагы кызды издеп таап, эми аны көздөй жөнөгөндө аларды көздөй такси кайрылып калбаспы. Кыздар четинен таксиге отура баштаганда Бектур жетип барып, тиги кыздын колунан кармай калды. «Сизге мүмкүнбү? Бир мүнөткө эле...» Жигит жалооруп жиберди. Кыз таң кала саамга унчукпай тигилди. Анан эсине келгендей шашыла сумкасынан визитка алып чыгып Бектурга карматты да, таксиге отуруп кете берди.
«Аймээрим... Атың Аймээрим экен го» деп шыбыраган Бектур визитканы алып, жүрөгүнө кыскан бойдон кала берди.
Анан аны таап таанышып, мамилелери келишип, кыз-жигит болуп кетишкен эле...
Жигит канча отурду ким билет, башын көтөрө Аймээримдин келатканын көрдү. Аймээрим канатын жая чуркап келаткан.
– Жаным десе, келдиңби?
Жигит кызды сыга кучактап, туш келди өпкүлөп жатты.
– Келдим, кирпим. Сагындым...
– Кечиккениңден таарынычы таркабаган окшойт, келбей калабы деп санааркай баштагам...
– Анан сеники жакшыбы? Соткамдагы агенттен бери текшерип, «ага жазба, байланышпа. Мен жок ким менен сүйлөштүң?» деп...
– Жакшы көрсөм кызганам да...
– Ой, канча айтам, алар болгону классташ, анан дос, курсташтар...
– Билбейм, негедир акыркы кезде чоочун балдар да тегеректешчү болду.
– А сен кызганба да.
– Эмне шыбырап сүйлөп калгансың?
– Ангинам кармап...
– Муздак жебе десе болбойсуң...
– Жакшы эле сактангам, кирпи...
– Эй, мени эми башкача айт, башкача эркелет дебедим беле?..
– Ой, кызык, чачың кирпиникиндей болсо, кирпи дейм да...
– Башкача эркелет...
– Болуптур анда, жумшак кирпи...
– Мына анда сага...
Жигит кызга кар чача берди . Кыз качып жөнөдү. Кубалашкан экөө бир кезде кардын үстүнө кулашты. 
– Кандай аппак кар. Экөөбүздүн мамилебиз да ушундай ак бойдон сакталып калышын каалайт элем. Өмүр бою...
– Мен да.
– Аймээрим, кечээтен бери менин тынчымды бир ой алып жатат. Сенин агаң менен окуган жигит сага «эмки аптада ала качып болсо да үйлөнөм» дептир го. Агаң макул болуптур. Бул кандайча?.. 
– Сен да уктуңбу? Мунун баарын кылган жеңем. Ал агамдын башын айлантып, «ошол бай досуңа эле алып берип кой» деп... Бирок билесиң да, мен сени жакшы көрөрүмдү...
– Мага жеткирбей сени ала качып кетишсечи? Анын үстүнө тигилер чоң кызматтагы, колунда бар немелер имиш. 
– Сени жакшы көрөрүмдү билесиң да. Үйдөгүлөргө «мени башкага берсеңер, анда менден биротоло айрыласыңар» дедим.
– Ошенттим дечи...
– Ооба, мени сенден эч ким айрый албайт.
Муну айткан кыз аппак кардан оозуна сала жей кетти.
– Жинди десе, мунун кылганын, тамагы ооруп жатып, кар жеп...
– Чуркагангабы, тамагым кургап кетпедиби.
– Эсиңдеби, мурунку жылы да Ала-Арчага эс алууга барганда сен кар жеп, температура болуп, таң аткыча жаныңда кайтарып чыккам.
– И десең...
Экөөнүн сөзү түгөнгүчө кеч кирип кетти. Кызды үйүнө жеткирип бараткан Бектур бир кезде токтоп, кучактап:
– Мээримка, сен бүгүн менден кетсең эле экинчи көрбөй калчудай болуп жатам. Бүгүн ала качып кетишсечи. Макул болчу, бүгүн эле үйгө алып кете берейин.
– Эмне, бүгүнбү? Азырбы?
– Ооба. Макул болчу, жаным. Сени биринчи көргөндө да экинчи көрбөй калбайын деп кафенин жанында көгөрүп күткөм. Азыр да жүрөгүм негедир ошондогудай кооптуу согуп жатат. Макул болчу. Алып кете берейин.
– Жаным, ай, эмне кылышты билбей да калдым. Эмне, чындап эле алып кетишет дейсиңби?
– Жүрөгүм ошентип жатат.
– Макул анда...
Кыз башын жигиттин көкүрөгүнө жөлөй берди. Андан көп өтпөй аппак такси ак кар чүмкөнгөн айылды көздөй зуулдап бара жатты. А кар дале жаай берди. Аппак мамыктай кар...

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Tynka
2012-12-11 13:58:04
суйуу деген ушундай болуш керекда ала качканга да конгонсуптур суйгонунорго жеткиле
+1
kojojaw
2012-12-11 22:36:30
romanti4nooo
0
Shadiev
2012-12-11 22:45:25
супер инфо ушундай чыгармаларды ар дайым жазып тургулачы. Мага ото жагат
0
ankara
2012-12-12 02:53:53
4ygarma jakwy birok bular 4yn emes oilop tabyp jazywat
0
ankara
2012-12-12 02:55:25
azyr suyuu dagy kalbady
0
Nur_Islam
2012-12-12 12:26:55
Кызыктуу...
0
bek007
2012-12-12 15:36:29
oobaaaaaaa..........
0
bilhut
2012-12-12 15:39:27
hyzdar kymderdir birolordvn sun kvtvp turganqa ertelep svygonjigitinin talabina makul degeni jon...
0
muslima92
2012-12-13 22:33:45
Достор менин суйуум мынданда кучтуу! Бирок атам каршы, эмне кылам
-1
parus.kg
2012-12-14 13:40:48
укмуш эле романтика жашоого болгон курош ушундан башталат! аракет кылыш керек сонун экен бактылуу болушсун!
0
dindilin89
2012-12-20 18:00:05
Менин суйуум Бакыт! Аты эле айтып тургандай кудай мага сенин бактын деп берген. Мен аны абдан сагындым. Кудайым буюрса келе жаткан жаны жылды уй булоо болуп тосууга даярдануудабыз. Ал кунго саналуу гана кундор калды.
0
zhika05
2012-12-22 01:27:00
оззунчо эле романтика гооо!!
0
aiko-maika
2012-12-22 15:06:15
нууууууууууу)))))))))как трогательно....тоже хочу любви без всякие комплексы
0
dojdik
2013-01-11 01:17:12
мен оз суйумо жетип азыр бир уулду болгонбуз мен аябай бактылуумун. Кыздар силерге аялга бериле турган бакыт каалайм:)
0
Periwa
2013-01-18 23:26:17
ollllo eken ee iya dostor the best of the bests love history ..eee jumwak kirpisi jakty magan a menin Janym bolso Myyyi myi
0
isilek
2013-01-28 23:28:40
jakwu okuya eken bir kundor biz dele owentip jurboduk beie ax 4irkin
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан