«КӨЗҮ КӨРБӨЙТ ДЕП СУВЕНИРЛЕРИМДИ УУРДАГАНДАР ДА БОЛГОН»

Талас шаарынын 85 жаштагы тургуну Жаркинь Борис Андреевичтин бир көзү таптакыр көрбөйт, ал эми экинчиси болор-болбос көрөт. Бирок буга карабастан ал жыгачтан сувенир жасаган чебер уста катары элге таанымал. Мына ушул устанын чыгармачылыгы менен таанышмакка үйүнө бет алдык.

Эшигин такылдатканда бир топто барып, анан эшик ачты. Көрсө, карайлап эшикке жеткичекти кыйла убакыт өтүптүр. Саламдашып, кепке өттүк.

– Жыгачтан түрдүү кейиптерди жасайт экенсиз, буюмдарга кардарлар чыкса сатасызбы?
– Мурда шаардагы аллеяга алып чыгып, кызыккандарга сатчумун. Бир күнү бир кичинекей кыз жайылып турган сувенирлеримди таяк менен чапкылап, тынчымды алгандан кийин көчөдө сатпай эле коёюн деп чечкем. Азыр болсо талантымды сыйлап келген конокторго белек катары тартуулайм. Бирок көзүм көрбөгөн жарым жандыгымдан пайдаланып, жасалган буюмдарымды алдап алып кетишкен наадандар да чыгат. Эки жыл мурун “бир уюмданбыз” деп Володя аттуу адам келген. Мени өздөрү иштеген кеңсеге алып барып алдап, тарткан сүрөттөрүмдү, жасаган буюмдарымды “кайра алып келем” деген боюнча кайтарып берген жок.

– Сиздин үйдү бирөөлөр тартып алганга аракет кылып жатышыптыр дегенди да уктук...
– Бир ирет ошол эле уюмдан Николай дегени келип “сиздин жасаган буюмдарыңызга чаптап коём” деп бир кагазга кол койдуруп алып кеткен. Билишимче, кичине эле кагазга кол койдурмак да, кол коюп бүтүп кармалап көрсөм, узун барак экен. Ошондо шекшип калгам. Жакын таанышымдын кызы келип ал-абалымды сурап турат. Ага айтсам, “эмнеге көрүнгөн эле кагазга кол коё бересиз? Алар сиздин көзүңүз көрбөгөнүнөн пайдаланып, жашаган үйүңүздү тартып алганы жүрбөсүн?” деп урушту. Ошондон бери “эмнеге ошол кагазга кол койдум экен?” деп өзүмдү жемелеп келем. Бир күнү келип, качан “үйдөн чык” деп айтышарынан корком.

– Эң биринчи жасаган буюмуңузду канча жашыңызда жана эмнеден жасагансыз?
– Украинанын Полтава облусундагы Ромодановка айылында мектепте окуп жүргөн кезимде ар нерселерди топурактан, жыгачтан окшоштуруп жасай койчумун. Эң биринчи буюмум – жыгачтан жасалган буканын образы.

– Эмне себептен бул образды тандап алгансыз?
– 1-класста экенимде мугалимге “катуураак айтыңызчы, мен укпай жатам” деп үч-төрт жолу айтсам да мага кулак салбастан, кайра өзүмдү кагып койду. Жиним келип, ошол мугалимди букага окшоштуруп, бир жыгачты алып, аны бычак менен жонуп жасап салгам.

– Алыскы Украинанын кулуну кандайча Кыргызстанга келип жашап калган?
– Бул да болсо менин өжөрлүгүмдөн болсо керек. Себеби баягы мени окуткан мугалимге өчөшүүм ушунчалык күчтүү болгон экен, акыры аны аңдып жүрүп, бир күнү рогатка менен анын үйүнүн терезесин таш менен аттым. Мугалимдин башына айнектин сыныгы кирип кетиптир. Анын чуусунан корккон атам мени апама кошуп Казакстанга кетирет. Мектепти бүтүп, бир эмес, бир нече кесипти: темир усталыкты, өтүкчүлүктү жана жыгач усталыкты өздөштүрүүгө жетишип, курулушта бригадир болуп жүрдүм. Кайрадан өз мекениме кайтып барып, аскердик кызмат өтөдүм. Сапёрдук ротада кызмат өтөп жүрүп бетимди үшүк алып кетип, ошондон сол көзүмдүн көрүүсү начарлаган. Кыргызстандык досум мага кыргыз жеринин кооздугун, абасынын тазалыгын айтып, өзү менен кетүүгө кеңеш берди. Анын айтканын туура көрүп, 1952-жылы Кыргызстанга келе бергем.

– Бир көзүңүзгө эле суук тийсе, эмне үчүн экинчи көзүңүз да начар көрөт?
– Экинчи көзүм мени дарылаган доктурлардын жаңылыштыгы болуп калды. Анткени сол көзүмдүн кан басымы жогору деп дарылай беришкен. Көрсө, оң көзүмдүкү жогору экен. Ошентип, үч жолку операциядан соң оң көзүм да жакшы көрбөй калган. Буюмдарды бетиме жакын алып келип, мурдум менен жыт сезип жана оң көзүмдүн кичине көрүүсү менен оокат кылып келем. Кыздарым бир жылда бир келип кетишет.

Нургүл Чабдарова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zamir_kgz
2012-12-12 08:39:46
Куралдуу кучтору "саперлуктун" айынан корбой калганынызга эч кандай беришпедиби же бала ыйлабаса эмчек кайдан болдубу?
0
Baian
2012-12-14 00:05:26
Baikuwum iy jyrogym oorup ketti.dagy da kudai uzak omyr bersin
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан