Мамажан Козубаев, обончу:«ЫРЛАРЫМДЫ ЫРЧЫЛАРГА БЕРГЕНИМЕ ӨКҮНБӨЙМ»

Окурман, сиз учурунда хит болгон «Айта бар арманымды», «Ортобузда айырма бар 9 жаш», «Кайдасың сен, табаламбы?» аттуу ырлар эсиңизде бардыр. Ырларды жакшы билгенибиз менен, бул обондорду ким жараткандыгы тууралуу анча биле бербейбиз. Конокто жогорудагы ырлардын обондорунун автору Мамажан Козубаев.

КОЗУБАЕВ МАМАЖАН БАБАЕВИЧ
Туулган жылы – 1962-жыл, 6-ноябрь
Туулган жери – Баткен району
Үй-бүлөсү – 2 уул, 2 кыздын атасы.
Учурда Баткен облустук драма теа­тры­нын директорунун орун басары

– Саламатсызбы, Мамажан мырза, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
– Мен өрүкзарлуу Баткенде туу­луп-өскөм. Эмнеликтен экенин өзүм деле жакшы билбейм, 6-7-класста окуп жүргөн мезгилде эле музыкага кызыгуум пайда болду. Мектепти аяктап, Ош шаарындагы музыкалык окуу жайын жана Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумун аяктадым. Андан соң Баткен райондук драма театрына жумушка орношуп, ошол жерде мына 29 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Быйыл 50 жашка чыктым. Жубайым экөөбүз 2 уул, 2 кызды чоңойтуп, эрезеге жеткирдик. Учурда репертуарымда 30дан ашуун ырым бар.

– Ырга болгон шык, талант сизге ким тарабынан берилген болду экен?
– Менин ата-энем ырдап же обон жараткандардан эмес. Мага бул талант Жараткан тарабынан эле берилген деп ойлойм. Атам мамлекеттик кызматта иштеген адам, апам үй кожойкеси болгон.

– Элге бир топ белгилүү обондордун ээси экенсиз...
– Баткен шаары Ош облусунун карамагында турган кезде бүтүндөй облустун композиторлорунун арасында сынак өтөр эле. Ал сынакка мен «Айта бар кабарымды» деген ырды нотага түшүрүп баргам. «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова комиссиянын мүчөсү болчу. Ал 2 ырымды алып, «ушул ырларыңды мага берсең, мен кыздарымдын репертуарына кошом» деп айтканда мен макул болуп, үн жазуучу студияга барып, ырды жаздырып бергем. «Айта бар кабарымды» эмес, кийин «Айта бар арманымды» болуп өзгөртүлдү.

– Айжамал Кабылованын аткаруусундагы «Айта бар арманымды» ырынын жаралуу тарыхынан айтып берсеңиз?
– Ал ырдын жаралуу тарыхы мындай. Өрүкзардан чыккан Мурзапар Үсөн аттуу жазуучунун «Иссадондор» деген 14-кылымдагы Токтогул ырчы жөнүндө жазган китеби бар. Токтогул ырчы Мырзакан деген кызды жакшы көрүп калат. Бирок ал жакшы көргөн кызды Амир-Темир хан да жактырып калып, Токтогул ырчыны зынданга таштаттырып салат. Ал зынданда жатып «Айта бар кабарымды» деген ыр саптарын жазат. Мен ал китепти окуп чыгып, Токтогул ырчынын зынданда жатып чыгарган ыр саптарын жактырып, ага обон жараткам. Аталган ырды «Кыз-Бурак» тобуна бергенимден көп өтпөй эле Гүлшайыр эже мага чалып, «Мамажан, тез Ошко кел, биз сенин ырыңды атактуу кылып салдык» деди. Ыр эл арасына жайылып, Айжамал Кабыловага атак-даңк алып келип, эл арасында «Мамажан Козубаев ырын «Кыз-Бурак» тобуна саткан» деген сөздөр тарап кеткен. Бирок ушул ырдан кийин «Кыз-Бурак» тобуна эч кандай ыр бербедим. Себеби Борончу Кудайбергенов «алар сенин атыңды атабай эле ырыңды ырдап жүрүшөт» деп айтканда мен 2-3 гезитке «Айжамал эч жерде менин атымды айтпайт» деп интервью берип коюп кичине чатакташканбыз, азыр жакшы мамиледебиз. Айжамал Кабылова өзү Баткенге келип, мага ыраазычылык айтып кеткен.

– Ошол эле Борончу Кудайбергенов «визиттик карточкасы» болгон «Кайдасың сен?» аттуу ырынын автору сиз экениңизди айтып жүрөбү?
– Эми ал концерттеринде «Кай­дасың сен, табаламбы?» деген ырдын автору ушул» деп көрсөтүп эле жүрөт. Борончу менен «Максат-Баткен» тобу аркылуу таанышкам. Ал Баткенге келип концерт бергенден кийин бир үйдө отуруп калган элек. Ошондо мен «Кайдасың сен, табаламбы?» деген ырымды ырдап берсем, «досум, мен ушул ырың менен ооруп калдым. Мага берчи, ырдап чыгайын» деп айтса, ага да макул деп берип койгон экенмин. Ал кезде менде ыр сатуу деген түшүнүк болгон эмес. Азыр ойлоп көрсөм, өтө эле кичи пейил болгон экенмин. Бирок ырларымды ырчыларга бергениме өкүнбөйм.

– Маегиңизге чоң рахмат. Өзүңүзгө ден соолук, үй-бүлө­ңүз­гө аманчылык каалайбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aizash
2012-12-10 23:48:51
oooyyy byl sonun yrlardy jaratkan yshyl agaiybyz tyrbaiyby e
0
zigana
2012-12-11 17:56:34
Mamajan aga siz Aijamalga yrahmat aitsanyz da az,al yrdy siz kancha yrdap jurdunuz,men ozum batkenden bolom.Aijamal yrdagandan kiyin kancha populyrnyi boldu,i sizdin atynyz chyga bashtady.Кop-kop jakshy yrlardy jaratyp,oshol Aijamal syiaktuu yrchylar menen koburook ishteshiniz.Ishinizge igilik!!!
+1
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан