Эсиңиздерде болсо, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катраң айылынын Өзгөрүш тоосундагы алтын кенине байланыштуу чыр-чатак чыккан эле. «Экология олуттуу зыяндарга учурады, майып балдар көбөйүүдө жана агын суулар булганып, жашыл арчалар жабыркаган» сыяктуу талаптар менен аталган айылдын эли нааразычылык акциясы менен чыгышкан. Нааразычылык билдиргендердин негизги талаптарынын бири дал ушул лицензияга байланыштуу. «Лицензияны ким берген, анын артында ким турат? Козу-Баглан дарыясы булганып, элдин ден соолугуна, келечекке олуттуу зыяндарды алып келет» деп митингге чыгышкандар 28-ноябрда Катраң айылында дагы топтолушту. Эл менен жолугушууга КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Атамбек Ботоев, облустук ИИБдин башчысы Анарбай Алимбеков, облус прокурорунун орун басары Авазбек Бакыбеков барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алтын кенине байланышкан чыр-чатакты токтотуу үчүн эки тараптуу келишимге келишти. Натыйжада бул ишти өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, изилдене турган болду жана майып балдардын эмне себептен көбөйүп жаткандыгын текшерүү үчүн атайын медициналык комиссия түзүлдү.