90-жылдары «Сенсиз, жаным», «Лейло», «Классташ кызга», «Жанна» деген ырлары менен кыргыз эстрадасынын асманында жарк этип жанган, өрүкзардан чыккан «Максат-Баткен» тобу жаңыланды. Жакында топтун аткаруучусу болуп өрүкзардын таланттуу жигити Исабек Максутов тандалды. Учурда ал аталган топтун репертуарындагы ырларды ырдап жаздырууда. Ал эми топтун калган мүчөлөрү жакында тандалат. «Топ толук болбогон учурда да Исабек Максутов аталган топтун ырларын ырдай берет» деп билдирди «Максат-Баткен» тобунун жетекчиси Рустам Абдырахманов.