Ушундай аталыштагы акция Кызыл-Кыя шаарында болуп өттү. Өлкөбүздө көп сандаган адам өмүрүн кыйган ар кандай илдеттер калктын калың катмарында жашап келет. Ошондой оорулардын ичинен инсульт жана инфаркт оорулары алдыңкы орунда турат. Аталган дарттардын алдын алуу максатында Кызыл-Кыя шаарында 3-декабрдан 8-декабрга чейин «Өз кан басымыңды билип ал!» аттуу акция өткөрүлүүдө. Шаардагы калк көп жайгашкан жерлерге 12 текшерүүчү пункт ачылган. Алар 18 жаштан жогорку тургундардын кан басымын текшерип, кан басымы жогоруларды каттоого алып, акысыз дарылап жатышат.