5-6-декабрда Жалал-Абад шаарынын 135 жылдыгына карата Барпы Алыкулов атындагы драма театрында төкмө акындар айтышы болуп өттү. Мэриянын колдоосу астында уюшулган айтышка республиканын бардык аймактарынан төкмө акындар чакырылган. Уюштуруу тобунун жетекчиси, төкмө акын Рахматулла Козукеев мааракеде белгилүү айтыш чеберлери, маркумдар Токтосун Тыныбеков жана Майра Керим кызын эскерүү темасы да камтылганын айтты. Айтыштын баш байгеси – 80 000 сомду түзөт.