7-декабрда Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда жазуучу, акын, обончу, режиссёр, журналист Садыралы Абдукеримовду эскерүү кечеси болот. Кечеге маркумдун ырчы кыздары Жамал Абдукеримова менен Анипа Абдукеримова атасынын калемине таандык бир катар ырларды элге тартуулашмакчы. Эскерте кетсек, Садыралы Абдукеримов 2007-жылы тартылган «Кайып-Булак» көркөм тасмасынын сценарийин жазып, редакторлук милдетин аркалаган. «Кара илбирс» тасмасынын да сценарийин жазып, режиссёр-коюучу катары фильмди аягына чейин тарткан. Ал 2012-жылдын 3-март күнү 57 жаш курагында дүйнө салган.