4-декабрь күнү Сузак районунун Барпы айыл округуна караштуу Маркай айылында 5 адам мыйзамсыз түрдө көмүр казып жатып каза болду. Каза болгон бешөө ошол күнү саат 11лер чамасында Маркай айылындагы Аттокур Токтоболотовго тиешелүү «Кыял» менчик шахтасында жетекчинин уруксаты жок көмүр казышкан. Алар газга ууланып каза болушкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен адамдардын сөөгү шахтадан чыгарылып, туугандарына берилди. Азыркы учурда окуя болгон жайга Сузак РИИБинин тергөө тобу барып, иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду. Каза болгондор: Э.Салиев – Ак-Тоок айылынын тургуну, К.Үркүмбаев – Маркай айылынын тургуну, А.Токтогулов – Жаз-Кечүү айылынын тургуну, К.Салиев – Ак-Тоок айылынын тургуну, Ж.Матиев – Маркай айылынын тургуну.