Кара-Кулжа району мындан 75 жыл мурун өзүнчө район статусун алган. 1-декабрь күнү аталган райондун мааракесине арналган салтанат Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекет кызматкерлеринин катышуусунда белгиленди.
КАРА-КУЛЖАДА ГИМН АКИМДИН СӨЗҮНӨН КИЙИН ОЙНОЛОТ
Кыштын алгачкы күнүн Кара-Кулжа району түптөлүшүнүн 75 жылдык мааракеси менен тосуп алды. Салтанаттуу азем 1-декабрь күнү Кара-Кулжа райондук Маданият үйүнүн алдында «Күзгү түшүм» жарманкеси жана асманга 75 шар, көгүчкөн учуруу менен ачылды. Негизги коноктор Кара-Кулжа районунан чыккан ЖКнын депутаттары, сот өкүлдөрү, билим, илим жаатындагы атуулдар жана КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү болду. Сөз башын Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиясов ачып берди. Кызыгы, акимдин сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Гимни ойнотулду.
«АКИМДИН КОЛУНА БЕРБЕ, ЖЕП КОЁТ»
Кара-Кулжа Маданият үйү элге толуп, кечеге туруп да күбө болгон аксакалдарды көрүп таңыркадык. Коноктор тарабынан Кара-Кулжа районунун өнүгүшүнө берилип жаткан акчалай жардамды көргөн карыялардын кээ бири «акимдин колуна бербе, жеп коёт» деген сөзү менен элдин көңүлүн буруп жатты. Аким Каныбек мырза бул сөздөргө: «Мен эч кандай акчаны жеп койбойм, ал райондун фондуна түшөт. Таза сууну чыгаралы деген ниетибиз бар. Ошонун кем-карчына жардам берели»,- деп жооп берди журналисттерге берген маегинде.
Ош облусунун Алай, Чоң Алай райондору татаал тоолуу аймактар болгондуктан, мамлекет жетекчилери менен эл аралык уюмдардын мыкты көзөмөлүндө турат. Ал эми Кара-Кулжа району да көзөмөл, жардам алуу жагынан жогорудагы райондордон артта эмес. Көптөгөн атуулдар жогорку кызматта иштеп, туулган жери үчүн көңүл жылытарлык кызматтарды кылып, быйыл эле төрөт үйү менен мечит жеке ишкерлер тарабынан курулган. Мындай жардамдардын көбүн колунан өткөрүп жүргөн аким «эгер биздин районго көмөк көрсөтөбүз деген адамдар болсо, биз даярбыз» деген сөзүн баса белгилеп өттү.
ЖОЛБОЛДУ АЛЫБАЕВ «ЧОЛПОНУМДУ» СОЗГОНДО…
Сөзгө чыккан коноктордун көпчүлүгү акчалай сыйлык берип жатса, ичинде канча сом бар экенине кызыкпай койгондор да болгон жок. Райондун туулган күнүнө белек алып келе албагандар убадаларды берип жатышты. Бири 2013-жылга
1 миллион сомдук каражат жумшалган бир ишти бүтүрүп берем десе, экинчиси «таза суу чыгарып беребиз» дейт. «Билимге умтулган, бирок окууга шарты жок беш баланы жогорку окуу жайына бекер окутуп беребиз» деген да атуулдар болду.
Иш-чара «Мекенимди даңктаймын» аттуу концерттик программа менен уланды. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолболду Алыбаев «Чолпонумду» созгондо зал жымжырттыкка бөлөнүп, карыялар жаш кезин көз алдыларынан бир ирет эстеп алгандай баштарын ийкеп жатышты.
Райондун борбордук ат майданында 12 айыл өкмөт ортосунда көк бөрү, оодарыш, күрөш сыяктуу улуттук оюндар болду. Андан сырткары райондук спорт мектебинде спорттук мелдештердин финалдык турлары ойнотулду. Көк бөрү боюнча финалда ат салышкан Ылай-Талаа жана Биринчи Май айыл өкмөттөрүнүн командалары биринчиликти бөлүп алышты. Маараке майрамдык фейерверк менен аяктады.
Кара-Кулжа району деңиз деңгээлинен 1200-5000 метр бийиктикте жайгашып, жалпы аянты 5712 чарчы чакырымга барабар. 12 айыл округ, 49 айылдан туруп, 88,9 миң калк жашайт.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg