Нарын музыкалык академиялык драма театрынын 75 жылдыгына карата ноябрь айында толугу менен спектаклдер коюлду. Бул сезондо көптөгөн спектакль, сценка, драмаларды камтыды. 3-декабрь күнү Замир Сооронбаевдин «Сүйүү арманы» аттуу спектакли жергиликтүү жаштардын суроосу боюнча кайрадан коюлду. Кызыктуу эпизоддорду камтыган интерьер мыкты даярдалып, жаштар кызыгуу менен кабыл алышты. Эми декабрдын бешинде театрдын көркөм жамааты отчёттук концертин берүү алдында турат.