МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕНДЕРГЕ ТӨЛӨНҮҮЧҮ ЖӨЛӨКПУЛ КӨБӨЙӨТ

3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата шаардык мэрияда иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери аларга маалымат беришти. Алардын айтымдарында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бөлүнгөн жөлөкпул 370 сомдон 580 сомго чейин төлөнөт. Андан сырткары майыптардын канчанчы топто экендигине жана алардын категорияларына жараша 1-декабрдан тарта 1500 сом кошулгандыгы маалым болду. Натыйжада 1-топтогулар айына 4500 сом, 2-топтогулар 3750 сом, ал эми 3-топтогулар 2250 сом пособие алышат. Иш-чара Маданият үйү даярдаган чакан концерттик программа менен уланды. Мүчүлүштүккө мүңкүрөбөгөн тагдыр ээлеринин арасынан да колдоруна аккордеон алып ырдап, таланттарын тартуулагандар болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан