ЭСТЕН КЕТКИС СУПЕР КОНЦЕРТ

«Мезгилден артта калба!» деген девиз менен иштеп, окурмандарды ар тараптуу маалымат менен камсыз кылып келген «Супер-Инфо» гезити быйыл 10 жашта. 10 жылдык тарыхы бар редакциябыз жыл санап жогорку деңгээлге өсүп, жүз миңдеген окурман топтоп келүүдө. Анан да өлкөбүздө шоу-бизнестин өсүп-өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, жаш таланттарга колдоо көрсөтүп келет. Салтка айлангандай, жыл сайын маданият, шоу, спорт чөйрөдө алгылыктуу эмгек жарата алган инсандарга сыйлык тапшырып, кийинки жылда жигердүү эмгектенүүгө стимул берип келет. Быйыл мындай салтанаттуу иш-чара 7-8-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда өтөт.
2012-жылдын «Супер ырчы мырзасы» ким болот? «Супер ырчы айымычы»? «Жылдын мыкты тасмасы» наамына кайсы кино татыктуу? Сиз жактырып, колдогон актёр же актриса «Жылдын мыктысы» деген наамга татыктуу боло алабы? Мына ушул көптөгөн суроонун баарына «Супердин» эки күндүк кайталангыс концертинен жооп аласыздар. Албетте, концерт жылдагыдан өзгөчө. Анткени быйыл бизге он жыл. Баса, концерттин алпаруучулары Эрмек Нурбаев, Азамат Эркинбаев жана Нурзат Токтосунова көрүүчүлөргө күтүлбөгөн белек камдашууда. Жыл ичинде бир гана жолу өтүүчү, кыргыздын жылдыздарын чогулткан супер концертти өткөрүп жибербеңиз. Ал эми наам алууга талапкерлер дагы деле кызуу даярдыктарын улантышууда.

«МЕНДЕ ТОЛКУНДОО СЕЗИМИ КҮЧ»
Нурлан Насип, «Супер ырчы мырза» наамына талапкер:
– Быйылкыга чейин мен «Супер дебют», «Жылдын супер ыры» наамын алгам. Бул жылы бир эмес, эки наамга талапкер катары көрсөтүлгөнүм иштеп жатканымдын белгиси. Демек, менде өсүү бар экен. Мына бүгүн-эртең деп турганда кадимкидей толкундануу сезимдери чулгоодо. Чынында, бул жоопкерчиликтүү иш. Андыктан концертке даярдык күч. "Эл – тараза, эл – сынчы" демекчи, баарын эл туура таразалап, өз баасын берет деп ишенем.

«БУЛ ИРЕТ ДА СЫЙЛЫК БИЗДИКИ БОЛОТ»
«Нон-Стоп» дуэти:
– Быйыл, буюрса, биз 3-жолу «Жылдын мыктысы» деген наамга ат салышып жатабыз. Алгач «Супер дебют» наамына татыган болсок, кийинкисинде «Супер топ» аталдык. Эми жыл айланып кайра эле «Жылдын мыкты тобу» наамына көрсөтүлүүдөбүз. Үчүнчү жолку мүмкүнчүлүктү да колдон учурбайлы деп кызуу даярданып жатабыз. Жакында эле жаздырган «Кыздар ай, балдар ай» деген ыр менен чыгып, көрүүчүлөргө шоу тартуулоо тилегибиз бар. Бул номерди иштеп чыгуу үчүн эле бир ай убакыт кетти. Анан да өзгөчөлүгү, экөөбүз тең балдар-кыздар менен биргеликте ырдын башынан аягына чейин бийлейбиз. Мындай нерсе ар бир ырчынын эле колунан келе бербейт эмеспи. Даярдык 100 пайыз, бул ирет да статуэтка биздики болот деген ишеним чоң.

БҮГҮНКҮ КЕЧ БААРЫН ЧЕЧЕТ...
Учурда сулуулардын жүрөгү толкуп, бүгүнкү кечти күтүп турган чактары. Эскерте кетсек, буга чейин сынактын жеңүүчүлөрү Түркия, Малайзия, Египет, Таиланд өлкөлөрүнө, Кытайдын Хайнань аралына кычыраган кыш айларында барып, күндүн аптабына кактана күйүп, эс алып келишкен. Бүгүн, 7-декабрда «Супер сулуу» аталууга ат салышып келаткан 11 сулуунун ар биринин мындай бакыт кушун кармап калууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул жылы кайсы бийкечке экзотикалык өлкөгө эс алууга жолдомо жана кымбат баалуу таштардан жасалган таажы буюрат, аны билишибизге аз гана убакыт калды. Ал эми азырынча кыздар концерттин конокторуна өзгөчө бий көрсөтүү аракетинде кызуу даярдык көрүшүүдө.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
AFRODITA-89
2012-12-10 13:38:01
женишке жеткен кыз барып эс ала турган экзотикалык олкого кеткен чыгымды толугу менен Супер инфо! каржылайбы же жарымын озу толойбу?
0
raida
2012-12-11 02:55:00
men jazgan pikir gana ?Ochurup koiduanrby Superchiler ?
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан