ДЕПУТАТ АЙЫМДАР ӨЗДӨРҮНӨ КАНДАЙ КАМ КӨРҮШӨТ?

Сыналгыдан эл баса калып көргөн «Кызматтагы сүйүү» тасмасындагы Людмила Калугинанын образы көбүнүн эс тутумуна мөөрдөй басылып калган. Кагаздан башы көтөрүлбөгөн, иши чачтан көп айымдар реалдуу жашоодо деле толтура кездешет. Биз аларды парламенттин ичинен издеп көрдүк. Депутат айымдар келбетине көз салабы, мода кууйбу же алардын күнүмдүк планында сырткы сулуулукка орун калган эмеспи?

Дамира Ниязалиева, ЖКда КСДП фракциясынан депутат:
«КОСМЕТИКАМДЫ ДАЙЫМА ЖАНЫМА АЛЫП ЖҮРӨМ»
– Ар бир эле аялзаты өзүнө кам көрүшү керек, косметологдорго барып дегендей... Албетте, мүмкүнчүлүк жана убакыт да кээде тоскоол болот, мисалы, мен өзүмө акыркы күндөрү таптакыр убакыт бөлө албай жүрөм. Анан эки-үч күн мурун эле ден соолукту чыңдайын деп тренажёрдук залга баруу үчүн абонемент алдым. Залга барып турууга шарт болбосо, жок дегенде үйдөн көнүгүү жасоого 30 мүнөт арноо ашыкчалык кылбайт.
Кошумча көрк берүүчү косметика каражаттарына келсек, керек-керек эмесине карабай эле, баарын дайыма жаныма алып жүрөм. Бул нерсе мага ишеним берет. Түгөнүп бара жатканына карап, көбүнчө чет мамлекеттерге барып калганда парфюмердик жана косметика каражаттарын сатып алууга аракет жасайм.

Ыргал Кадыралиева,ЖКда КСДП фракциясынан депутат:
«ЖАШТЫГЫҢ – БРИЛЛИАНТ, ЖАШТЫГЫҢ – СУЛУУЛУК»
– Сырткы келбетти татыктуу алып жүрүүнү да иш маданияты деп эсептейм. Кийимине карап тосуп, акылына карап узат дегендей...
Жумушта менден улуу депутат эжелер «тырмагың менен эриндериңди күлгүн түскө боё, чачыңды кырка көрбө, бизге окшошуп каласың» деп тамашалай кеңеш айтып калышат. Анан кээ бирлери бриллиант сөйкө тагынып келип калса, кызыгып карап калам. Алар мага «Ыргал, сенин жаштыгыңдын өзү эле бриллиант! Сага темир такса да жарашат» деп калышат. Кыз-келиндерге айтар элем, биздин жаштыгыбыздын өзү баалуу сулуулук.
Анан фигураны сактайм деп диета кармагандарга спорт менен машыккыла демекмин. Чың ден соолуктун өзү – келишкен сулуулук. Мен үйгө барганда да диванга бутту сунуп жатпайм, андан көрө балдарым менен кыймылдоонун жолун табабыз.

Ширин Айтматова, ЖКда «Ата Мекен» фракциясынан депутат:
«ТАК ЭСЕБИН БИЛБЕСЕМ ДА, КАМ КӨРҮҮГӨ КӨП АКЧА КЕТИРЕМ»
– Эгер адам, өзгөчө айымдар өзүнө кам көрбөсө, анда ал үчүн эч ким кам көрбөйт. Мисалы, мен аптасына жок дегенде бир жолу сулуулук салонуна барып турам. Чачымды жасатып, массаж, маникюр, бетке кам көрүү кызматтарынан пайдаланам.
Эртең менен жумушка бара жатканда өзүм эле макияж жасап алам. Ал үчүн убактымдын 30 мүнөтүн сарптайм. Телекөрсөтүүгө интервью бере турган болсом, анда макияж жасоо көбүрөөк убакытты алат. Косметиканын көбүн Кореядан бул жактагы компания өкүлдөрүнөн алдыртам. Ошондой эле спортзалга барып турам. Кар жаагыча стадионго барып чуркап турчумун. Бирок мен спорт менен арыктоо үчүн машыкпайм. Спорт психикалык чарчоодон, стресстен арылтат. Өзүм деле арыктап же толуп кетем деп коркпойм. Анткени мен маанайыма жараша бат толуп, же тескерисинче, бат арыктап кетишим мүмкүн. Мындай процесстердин баарына канча акча кетерин билбейм, бирок көп эле акча сарптайм.

Асия Сасыкбаева,ЖКда «Ата Мекен» фракциясынан депутат:
«МОДА КУУГАН ЖАН ЭМЕСМИН»
– Сулуулук салондоруна барбайм, керектүү учурда гана врач-косметологдордун кызматына кайрылып турам. Айына бир ирет беттин терисин тазалоо, массаж, маска жана башка процедуралардан пайдаланам.
Косметикалык каражаттарга келсек, өмүрүмдө «баланча компаниянын продуктусу мода болуп жатыптыр» дегендерди ээрчип, элдин баары алган буюмду кууп алган жан эмесмин. Мен үчүн баарынан сапаты маанилүү. Айрыкча кийим тандоодо. Учурда көп кыздардын чапталышкан шымдарды кийип алышканын жактырбайм. Кээ биринин денесиндеги ашыкча бөлүгү ал шымдан камыр ашып түшкөндөй болуп чыгып калганы жагымсыз көрүнөт.
Өзүмө кам көрүүгө кетирген каражатка токтолсом, ар кандай. Ар буюмду түрдүү убакытта аласың да, айына же жылына ушунча короттум деп айтуу кыйын. Мисалы, бир упа алсаң, ал бир жылга жетет. Же кийимиңе жараша беш түстүү помада алуу керек, аны таап калган жериңден алып кете бересиң дегендей. Бирок жаныма сөзсүз түрдө упа, калем жана помада алып жүрөм.

АТЫР ТАНДООНУН СЫРЛАРЫ

  • Атырды тандоодо флакондун капкагын жыттабаңыз. Андагы жыт өзгөрүлөт. Өзүңүзгө тааныш эмес атырдан билегиңиздин ички бөлүгүнө бир аз сүртүп, спирти учкуча күтө туруңуз. 10 мүнөттөн кийин сиздин денеңиз жытты кабыл алат. Ошондо атырдын чыныгы жытын биле аласыз.
  • Эгер дагы башка атырды жыттагыңыз келсе, аны экинчи колуңуздун билегине сүртүңүз. Атыр сатып аларда кофенин бир канча данын жаныңызга салып алууну унутпаңыз. Ал дал ушул жерде керек болот. Кофенин данын жыттасаңыз, ал мурундун сезүүчү клеткаларын тазалайт. Ошондо экинчи жытка мурунуңуз даана баа бере алат. Ошентсе да үчтөн ашык жытты жыттабаңыз. Мурун үчтөн ашык жытка баа бере албайт.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Bagirra
2012-12-10 12:30:24
Мен Асия Сасыкбаеванын оюна кошулам, туура айтат.
Косметиканын жакшысынан алган туура, аны мисалы 7-8 ай колдонсо болот, ошондуктан айымдар оз келбетинер учун акчаны аябаш керек, боёнуп, сулуу болуп журсок ностроения да жакшы , результаты да жакшы болот
0
altinim
2012-12-10 13:50:39
Динара эжекебиз озгочо секси сулуу ото жагат мага
-1
mahabat.
2012-12-12 03:50:56
Дамира эжеге ийгилик каалайм.Сиз абдан сулуу жана стилдуу айымсыз.
0
kubanboss
2012-12-12 09:39:49
Ыргалдын акылдуулугун карагылачы,кандай сонун суйлогон
-2
Rostov-on-Don
2012-12-13 20:25:03
Мага Шириндин шириин создору жакты!
+1
saya4ka
2013-01-21 12:50:16
Ыргал туура айтат. Ден соолук болсо сулуук болот! Негизи эле Ыргал ар дайым туура айтйт! Жагат мага. Ийгилик каалайм.
0
rozka
2013-01-21 13:19:09
Ооба жаштыгыбыз бриллиант эн туура айтат Ыргал эже
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан