КЫЗЫКТАРГА БАЙ КЫРГЫЗ АЙЫЛДАРЫ

«Ааламга жол айылдан башталат» дешет. Аймактардагы кабарчыларыбыз айылдар тууралуу баянын жөнөтүштү. Көз жүгүртүп көрүңүз, а балким сиздин айылыңыз жөнүндө жазган чыгарбыз.

ҮЛГҮЛҮҮ АЙЫЛ – КОҢОРЧОК
Нарын аймагында эң үлгүлүү айыл Коңорчок айылы. Ак-Талаа районуна караштуу Коңорчок айылынын аталышы ушул аймакта гана өскөн гүлдүн атынан коюлган экен. Айылга кирип барганда эле көчөлөрү таза, үйлөрдүн жанындагы кашаалар баары бирдей өң менен сырдалганын байкадым.
Айрыкча айыл жеринде иш жоктугунан жаштар ичимдикке берилип, уурулук, кылмыш иштерине азгырылышат эмеспи. Муну айтып жатканым, аталган айылда мындай терс көрүнүштөр жокко эсе. Дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууну токтотушуп, түнкүсүн көчөлөрдө электр жарыктары жаркырап күйүп турганын байкап, кубана «бали, азаматтар!» дедим.
Айылда мончо, фельдшердик-акушердик пункт, бала бакча, мектеп, клубдар курулуп, жумушчу күчүн айылдыктар өз мойнуна алыптыр. Учурда айылдын спорт залында дзюдо, волейбол, панкратион, эрежесиз мушташ сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча машыгуулар өткөрүлөт.
Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жүргүзүлгөн «Таза суу» программасына ылайык, айыл дээрлик таза суу менен камсыз болгон. Учурда «Ар бир үйгө таза суу» программасы колго алынып, үйлөрдүн ичине суу тартылып, шаардагыдай шарттарды түзүү максатында даараткана, жуунуучу жайлар салына баштаганы да байкалат. Таң калганым, көчөлөрдө таштанды салуучу урналарды орнотушуптур. Айыл ичинде 13 квартал бар. Кварталдардын арасында ишемби сайын «Алтынчы күнү кечинде» аттуу оюн-зоок кече уюштурулуп турат. Ал үчүн атайын 10000 сомдун тегерегиндеги байге фонду каралыптыр. Айыл өкмөтү Арстанбек Акиев төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Адам баласынын дүйнөгө жаралгандагы башкы милдеттеринин бири – бак тигүү эмеспи. Көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп, аянты 7 гектарды түзгөн сейил бак, айылдын кире беришинде 2,5 гектар жаңы сейил бак, 1 гектар жемиш багы отургузулган. Айылда жумушсуздук жылдан жылга жоюлуп бара жатат. Эл мал чарбачылыктын, дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын өздөштүрүп, 2009-жылы асыл тукум букаларды алып келип өстүрдүк. Эми аргындаштырып, торпокторун алып жатабыз.
Көрсө, алдыга умтулуп, өздөрүнө мыкты шарт түзүп жашаса деле болот экен да. Үлгүлүү дебегенде эмне дейбиз?..

СУУНУ САТЫП ИЧКЕН ДА АЙЫЛ БАР
Жалал-Абад шаарына айылдан келген бир таанышым «сууну сатып ичебиз» дегенин кулагым чалган. Чын төгүнүн билмекке Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Соку-Таш айылына жол тарттым. 1 саатка чукул убакытта айылга кирип бардым. Таанышымдын агайы Сарыбаш Пусурманкуловго келгенимдин жөн-жайын түшүндүргөнүмдө, Соку-Таш айылы тууралуу буларды айтып берди.
– Сууну 1994-жылдан бери эле сатып ичебиз. Сел суу каналын агызып кеткен, ошол боюнча оңдолгон жок. Айылды аралап аккан суу ылай. Ал сууну мал-жандыктарыбызга да тундуруп коюп, анан беребиз. Ал эми өзүбүз ичкенге сууну сатып алабыз. Айылдагылардын 2 менчик суу ташыгыч унаасы бар. Алар сууну водовозго 30 чакырым алыстыктагы шаардан алып келип, 40 литрлик фляга сууну 20 сомго сатышат. Кээ бирлер үйлөрүнүн короосуна атайын кудук каздырып коюшуп, 1 тонна сууну 1500 сомго куйдуруп алышат. Кээ бир күндөрү суу ташыган унаалар менчик болгон үчүн суу алып келбей калышат. Ошондо ич ара соодалаша баштайбыз. Кудугуна суу куйдуруп алгандар сууну бир аз кымбатыраак баада сатып пайда көрүп алышат.

Чын эле бул айылдагы кайсы үйдүн короо-жайын карабайын суу куюуга ылайыкташтырылган бочке, флягалар көзгө урунат. Сайдагы суу туздуу келип, аны мал жакшы иче бербейт экен. Эгин сугарганга жарайбы десем, «эч нерсеге жарабаган суу жок дегенде эгинибизге жарайт, ушуга да шүгүрчүлүк келтиребиз» деп жооп узатты. Айылдын жашоочусу Абдыманап Төрөканов да бул маселе боюнча буларды айтты.
– Соку-Таш айылында суу маселеси гана эмес, көпүрө, жол маселеси да бар. Айылда эч ким оорубаса экен деп тилейбиз. Кош бойлуу аялдарды шаардагы төрөт үйүнө алып баруу аябай түйшүк туудурат. Эптеп райондун, шаардын борборуна жетебиз. Ишенсең, баламды үйлөнтөйүн десем «бул айылга келин турбайт» дешет. Кышкысын көчкү түшүү коркунучу да бар. «Көчүп кеткиле» дегенде кээ бир тургундар үйлөрүн таштап көчүп кетишти. Биз да көчүп кетели десек, кантип эми ата-бабадан калган жайды таштап кетебиз. Жакшы дагы жарыгыбыз бар, биздин айыл свет тартууда ортодо калган экен, жарык биз аркылуу өтөт. Болбосо, биз жашоодон такыр артта калмакпыз. Алмалы айылына кире бериште унаа өтө алчу көпүрө бар. Ал бизди шаар менен, сырткы дүйнө менен байланыштырган жалгыз көпүрө. Ошол көпүрөнүн жанында селден улам 8-9 метрге жеткен жар пайда болуп, азыр оор абалда турат. Ал жар көпүрөнү көздөй улам жылып келе жатат. Эгерде ал көпүрөбүз урап калса, биз толугу менен сырткы дүйнөдөн кабарсыз калабыз.
Бул айылдын көйгөйү тууралуу "5-6 жылдан бери ар жерге кайрылып жүрүп, айыл өкмөтүнүн жана айылдын демилгелүү жигиттеринин аракети менен, буюрса, суу чыгарып жатышат" деген кабарды айтышты. Бул боюнча Соку-Таш айылынын айыл өкмөтү Салибай Аданов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Суу чыгаруу боюнча айылда даярдыктар көрүлүп, жогорку айылдардан суу чыгып баштады. Эми Соку-Таш, Чатырак, Алмалы айылында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Азыр кар жаап салганына байланыштуу даярдоо иштери токтоп калды. Күн жылыганда кайрадан аракеттер көрүлө баштайт деген ишенимде турабыз. "Кызыл жарым ай" коому тарабынан Соку-Таш айылына чейинки айылдарга суу алып өтүп беришти. Калган айылдарга өкмөт өзү суу чыгарып берип жатат.
Ал эми жол маселеси дале ачык бойдон калууда. Шаарга каттаган унаалар бат эле жарактан чыгып калат. Анткени жолдун начардыгынан унаа менен жүрүү мүмкүн болбой калды. Ошондой эле мектеп маселеси да бар. Мектеп 1968-жылы курулган. Азыр анын полу түшүп, тамчы өтүп, айтор, оңдоп-түзөөгө муктаж. Биздин көйгөйлөрдү чечүү үчүн аябай көп суммадагы акча керектелет.

КЫШЫНДА 3 АЙ КҮН ТИЙБЕГЕН АЙЫЛ
Адамдарды таң калтырган ар кандай кызыктар биздин өлкөдө да жок эмес. Мына ошолордун катарында Баткен облусундагы Кыштут айылы да бар. Кышында 3 ай күн, жайында 3 ай бою ай тийбеген бул айыл жөнүндө аңыз кептер айтылып жүрөт.
Баткен районуна караштуу Кыштут айылы тоо арасында орун алган чакан кыштак. Айтылуу Зардалыга ушул айыл аркылуу жол каттамы өтөт. Төрт тарабынан курчап турган бийик тоолор кудум эле атайын курулган чеп сыяктуу көрүнөт. Айылдын Кыштут аталып калышына ушул чеп сыяктуу тоолор себепкер.
Кыштуттун мындай аталып калгандыгы жөнүндө үч түрдүү божомол айтылып келет:
1. Көп жыл мурда бул жерде эл жашабай, түнт, чер-токойлуу ээн жаткан капчыгай болуп, жапайы илбээсин, куштар мекен кылган. Кийинчерээк эл отурукташып, айыл пайда болгондо «куш тутуучу» жер же «куштут» болуп аталып калган.
2. Бул жер тоолуу аймак болгондуктан, кышында 3 ай бою күн, жай чилдесинде 3 ай бою ай тийбейт. Кышында күн капталдап тийип калат эмеспи, аны бийик тоолор тосуп калат. Ошондуктан «кыш тутулду», «кышты тут», «кыштут» болуп аталып калган.
3. Айыл түптөлүп, эл отурукташканга чейин бул жерде чоң кош тыт дарагы болгон. Отун алганы келген адамдар «баягы кош тытка барып отун алып келдим» деп айтышкандан улам, кийинчерээк айыл «коштыт» аталып калган деген да кептер бар.
Учурда айылда 900дөй адам жашайт. Тоо арасында жайгашкандыктан, айдоо жери өтө аз, болгону, 42 гектар суулуу жери бар. Дыйканчылык кылууга жер аз болгондуктан жергиликтүү эл көбүнчө мал багышат. Жазында Кыштут айылынын жашоочулары жана коңшулаш айыл тургундары малдарын ушул жайлоолордо багышат.
Айта кетчү нерсе, жазында ай, кышында күн тийбесе да, башка айылдардагыдай эле жер-жемиш, мөмөлөр бышат. Күн тийбей калган мезгилде жарык эле болот, болгону, күндүн чакчайып тийгенин көрүшпөйт, бирок элдин жашоосу өз нугунда жүрө берет.

Гүлжан Эшбаева,
Гүлжан Асанкожоева,
Дастан Жумашев
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
СИЗ ӨЗ АЙЫЛЫҢЫЗ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛДЫҢЫЗ?

Самара Жарманбетова, мектеп директору, Талас облусу:
– Мен Бакай-Ата айылынан болом. Айылыма былтыр мектепте марафон болгондо баргам. Муктаждыктарына керектеп алышсын деп колумдан келген акчалай жардамымды көрсөткөм.

Абдинаби Кадыров, окутуучу, Баткен облусу:
– Рават айылыма мен демилге көтөрүп, ашар жолу менен эл мектеп курганбыз. Мектепте бир топ жыл балдарга билим берип эмгектендим. Бул да болсо айылыма кошкон салымым деп ойлойм.

Заирбек Сайдикрамов сатуучу, Жалал-Абад облусу:
– Айылымдын мектебине акчалай жардам берип келем. Айылдын кулуну катары өз салымымды, акчалай кошумчамды кошом. Кээде айылдаштарым кыйналса, колдон келген жардамымды бергенге аракет кылам.

Тилек Сагынбаев, милиция кызматкери, Ысык-Көл облусу:
– Азырынча көрүнүктүү деле иш жасай элекмин. Биздин максат бир айыл же бир шаар үчүн эмес, бүтүндөй мамлекет үчүн кызмат кылуу болуп эсептелет. Акыйкат иш кылсак айыл эле эмес, өлкө үчүн да пайдалуу болсо керек.

Анаркүл Сүйүнова, тигүүчү, Нарын облусу:
– Айылым Жаңы-Талап, бирок Нарын шаарында турам. Тигүү цехин иштетип, айылдаштарыма тикмечиликке байланышкан маселелерде каралашам. Келин алып, той бергендерге көшөгөлөрдү даярдап берем.

Курманбек Абакиров, окутуучу, Чүй облусу:
– Балдарым менен чогуу айылымдагы мектепке окуу китептерин сатып бердим. Кегетидеги бала бакчага материалдык жардам берип турабыз жана мечит салдырып бердик. Айылым үчүн мындан ары да жардам берип турмакчымын.

Жумамидин Сулайманкулов, журналист, Ош облусу:
– Ушуну кылдым дегендей деле айылыма оозго аларлык эч нерсе жасай элекмин. Бирок айылымдагы чечилбей келе жаткан көйгөйлөр жүрөгүмдү өйүп келет. Алдыда кичи мекеним үчүн жасайын деп жаткан иштер толтура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Datka-Aiym
2012-12-12 11:16:17
Менин айлым улуу инсан Исхак атабыздын ысымында. Белгилуу Лейлек районунун эн сонун кыштагы. Айылыбызда болгону бир эле уруу Раззаковдун урпактары жашайт
0
www.boy.kg
2012-12-13 12:01:06
Тон районундагы Алабаш айылы да абдан кооз жерлердин бирине кирет
0
parus.kg
2012-12-13 14:52:30
мына ушундай кылса болот экен го! айылдар бири бири менен атаандашып жарышса абдан зор болмок даа мындан да кооз айылдар кобойот беле дейм
0
Bekka
2012-12-13 19:49:50
айылдар эмес шаарлар да кобойсо жакшы болмок
0
Ruslanbek040410
2012-12-13 22:43:26
Мен кыштут айлына конушу турам,таян айлымды сагындым.
0
Tequila_aiya85
2012-12-14 09:17:30
Баткенде адам колу тие элек кооз жерлер коп,мен да сагындым айылымды..
0
zzz---zzz
2012-12-14 18:17:32
Менин ай
0
zzz---zzz
2012-12-14 18:19:59
Менин айылымда эн сонун айыл кышы суук жазы ысык азыр кочолорго тунку жарык орнотулган Лейлек районундагы Исхак Раззаковдун кошуна айылы Кулунду!!!
0
mahabat.
2012-12-15 01:48:17
мен да чаекти сагындым.
0
Ohna
2012-12-15 20:44:39
"Kyshtut" ailynyna baryp kelem buiursa.... Ex, sagyndym seni, Mekenim... :( Kai jerde jurboiun, kandai chon shaarlarda jashabaiyn, jurogumdun torunon orun algan, menin baldai balalygym otkon, esten ketpes, tun ichinde kubul jutup sairagan kushtar unu, kunduz kulup kulkusun chachkan kundun nuru, chaiyttai achyk kok asman, jawyl orongon bak-daraktar, taza aba, juzundon sylagandai jumshak jel, moitondop churkap jurgon jash boboktor... Ex, sagyndym seni "Ohna", "Orozbekov" aiylym....
0
nargiza89
2012-12-16 01:13:04
Бизде озу баардык нерсе бар..Биз байлыктар коп,аны колдонушту билшипейт биз...только ичсе,жесе, сатса болду экен да...Сууну да сатып ичкен кантип болсун!!!!
0
ALBIKA
2012-12-16 16:15:40
Убагында баардык айылдар кандай сонун эле.Китепканалар,магазиндер,фаптар иштеп айыл эли учун да жакшы шарттар тузулуп баары жакшы болчу.Адамдар ошол айылдын ичинде эле жакшы эмгектенип уй-булоосун багып жашап келген.Азырчы?Айыл эмес шаардын да жашоосу жыргатаарлык эмес.
0
maya666
2012-12-16 19:59:48
Мен да Кочкорду сагындым.! Кочкордун бир озгочолугу кышында кар жаабайт.
0
maya666
2012-12-16 20:02:24
Биздин айыл мен учун барынан ыйык, бары осот, бары бар. Жалкоолор эле жаман жашашат.
0
janetta
2012-12-16 22:40:57
Менин айылым Жалалабат областынын Аксы районуна карашту Уч-Коргон айыл окмоту. Озгочолугу айылымдын сыртынан НАРЫН ДАРЫЯсы агып отот. Айылымда жергиликтуу журтка болгон баардык шарттары тузулгон. Айылымды сагындым. Кайрадан секелек кыз болуп копуродо чуркап жургум келди досторум менен.Уч-Коргондо менин бактылуу-бейкапар балалыгым калды. Менин мекеним кайрылып барчу жерим элим бар АКСЫ деген...
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан