ПАРЛАМЕНТ МАЙ АЙЫНДА ТАРАП, ИЮНДА ЖАҢЫ ДЕПУТАТ ШАЙЛАЙБЫЗБЫ?

Бул апта окуяларга бай болду. Астейдил өткөрүп көрөлү дедик, анткени арасында камалганы да, пара бергени менен кыз зордуктады деп шектелгени да бар. Ошондой эле Бишкек эки күн бою чоң жыйындын өкүлдөрүн кабыл алды, анын ар биринин келип-кеткенин бишкектик тургундар автотыгындан улам өз жон териси менен сезишти. Анан албетте, Жогорку Кеңешти «игнорго» киргизип койгон депутаттар отурумга катышуу пассивдүүлүгүн парламентти таркатып жиберүү менен жойгону калышты.

ДҮЙШӨМБҮНҮН "КААРМАНЫ" – УЧКУНБЕК ТАШБАЕВ
Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин экс-директору Учкунбек Ташбаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 3-декабрда камакка алынды. Учкунбек мырза үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында эле мыйзамсыз лицензия бергени үчүн айыпталып, кызматынан кол жууган болчу. Эми минтип ага карата эки берене (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, лицензия ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учкунбек Ташбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УМККнын убактылуу кармоочу жайында 2013-жылдын 30-январына чейин кармалат. 
Учкунбек Ташбаев деген персона саясий айдыңда Максим Бакиевдин командасында таанылган. Анда Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин
(ЦАРИИ) жетекчисинин орун басары болуп дайындалган эле.

ШЕЙШЕМБИНИН ШЕКТЕНҮҮСҮ – «РЕСПУБЛИКА»
4-декабрь күнү Башкы прокуратура «Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан талапкер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн сатып алууга аракет жасаган» деп шектелип жатканын билдирди. Ысымы жашыруун сакталган талапкер, прокуратуранын маалыматына ылайык, борбордогу эки мектептин директору менен бала бакчанын башчысынын колуна акча карматып, атүгүл коркутуп-үркүтүүгө чейин барып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн сатып алуу керектигин айткан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Талапкердин аты-жөнү эле эмес, партиянын аталышы тууралуу да Башкы прокуратура маалымат берген жок. Бирок ал адамдын Билим берүү министринин буга чейинки орун басары Үмүткан Тыналиева экендиги жана акыркы шайлоо кампаниясында «Республиканын» штабында иштегендиги айтыла баштады. Кептин төрү Өмүрбек Бабанов жетектеген партияга барып такалгандан кийин, "Республика" расмий билдирүү таратып, жогорудагы маалымат чындыкка коошпой турганын жарыялады.

ШАРШЕМБИНИН «БОМБАСЫ» – НУРЛАН МОТУЕВ
Бул күн таң атпай акыркы учурда жылдыз оорусу кармай баштаган Нурлан Мотуевдин камакка алынганы дүң болду. Албетте, Нурлан мырза буга чейин деле темир тор артында отуруп келгени белгилүү. Бирок бул сапар ал кыз зордуктады деп шектелүүдө. 
Жабыркадым деген 21 жаштагы кыздын айтымында, экөө он күн мурун таанышып, телефон аркылуу сүйлөшүп башташкан. 4-декабрь күнү Нурлан Мотуев аны үйүнө чакырып, үйлөнөм деп сөз берип, күч колдонуу менен зордуктаган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Нурлан Мотуевдин кармалуусуна ар ким ар кандай түшүндүрмө берүүдө. Үзбөй намаз окуганын айтып, ошонусуна өзгөчө басым жасап келген Нурлан Мотуевдин кыз жандуулугу тууралуу маалыматтар бизге да келип турчу. Нурлан мырза өзү да "19 жаштагы Агрардык университеттин миссине үйлөндүм" деп мактанып, бат эле кайра "ажыраштым" деп, айтор, жаш кыздардын компаниясын жактырар эле. Чын эле зордуктадыбы же жалаабы, аны укук коргоо органдары тактасын. 
6-декабрда Мотуевдин тарапташтары маалымат жыйын өткөрүп, алар "Нурлан Мотуев бийликке жакпай калып, ал кара пиардын курмандыгы болду, кыз да зордуктаган эмес" дешти.

БИШКЕК ЭКИ КҮН АВТОТЫГЫН КАПАСЫНА ТҮШТҮ
Борбордо жыл сайын автоунаанын саны көбөйгөнү менен, жолдордун абалы илгеркидей. Мэрия тез арада жол кеңейтүүнүн же кошумча магистралдарды куруунун эбин таппаса, шаар тургундары бир күнү кайсы бир чоң жыйындан кийин митингге чыгышы да мүмкүн. 4-5-декабрда болуп өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны мамлекет үчүн чоң мааниге ээ болгону менен, бишкектиктер эки күн бою жол тыгындын азабын тартып жүдөштү.
Жыйынга келсек, Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Рустам Азимов Борбордук Азиядагы ири энергетикалык долбоорлор эл аралык экспертизанын оңдуу жыйынтыгынан кийин гана ишке аша башташы керек деген оюн билдирди. Бул сөздүн артында Нарын дарыясына курула турган ГЭСтер да бар.
Кытай Мамлекеттик Кеңешинин премьери Вэнь Цзябао Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ачууга ниеттенип жатканын, ал инвестициялык планда чоң салымын кошорун билдирди. Бул кептин артында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу турат.

ИЮНДА КАЙРА ШАЙЛОО ӨТКӨРӨБҮЗБҮ?
Өткөн аптада коалицияны ыдыратууга астейдил киришкен «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов ал оюнан кайтып, БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов менен маселесин чечишмек болду. Феликс мырза 5-декабрь күнү көпчүлүк Боршайкомго кат жолдогонун айтты. Анда үч лидер мыйзам бузуу катталган шайлоо тилкелериндеги добуш берүүчүлөрдүн тизмесин текшерип чыгууну суранышкан.
Жогорку Кеңеште болсо, депутаттар жаңы оюн башташты. Эл өкүлдөрү өздөрүнүн статусу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун карап жатышып, кыйлага чейин кырчылдашты. Жаңы долбоорго ылайык, депутаттарга өз ара топторго биригүүгө уруксат берилмек. Бул өңүттөн алганда, фракциялар өз доорун сүрүп бүткөн сыңары. Көпчүлүк учурда калыс пикири менен айырмаланган депутат Мыктыбек Абдылдаев: «Апрель-май айларында парламентти таркатууга, июнда шайлоо өткөрүүгө даярдана берүү керек. Биз ушуга бара жатабыз»,- деп балп эттирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
altinim
2012-12-10 13:48:17
Мотуев ачылганго
0
mahabat.
2012-12-17 06:38:54
altinim, ооой мотуев илгертен эле ачы-лаааа берип,,эми чачылып дайынын таппай калды окшойт
0
mahabat.
2012-12-12 03:57:50
Мотуевка не жетпейт.толтура катыны бар го
0
Aygul
2012-12-15 11:29:42
Мотиевке окшогон катынпоздордун парламентке не кереги бар?
0
maisi1919
2012-12-15 18:20:45
телефон менен суйлошуп жургон кыз дагы дабдыр экен мейли адашкан кыздын айыбы жок мемиреп жатып берсе керекта жаш эле кыз экенго или комерсант болушу мумкун
0
urmat_92
2012-12-17 00:26:48
eh ka4an u9t syidy jyi9t boldubuz eken kyrgyz!!! kalppy,4ynby baarybir uwundai neselerdi okuganda jurok ooruit.....((( kyrgyzdyn da kunu bar buirusa.....jawtary kaidyger karabait jeribizdin,elibizdin kele4egine!!!!
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан