КОЗУ КАРЫНДАН САК БОЛ!

Май айынын башынан тартып 20-майына чейин Чүй облусунун 15 жашоочусу козу карындан ууланып, экөө (эне-бала) көз жумду. Уулангандардын жетөө – балдар. Ушундан улам санэпидемстанция козу карынды сатууга жана терүүгө, кафе-ресторандарда козу карындан тамак-аш даярдоого тыюу салды. Анын үстүнө, буга чейин уулуу эмес делинген козу карындардын уулуу болуп чыгып жатышы да чочулоого чоң себепчи болууда.

Статистика

2005-жылы өлкөбүздө козу карындан 36 адам ууланып, алардын ичинен бешөө каза тапкан.

2006-жылы 37 адам ууланып, төр­төө көз жумган.

 Илимпоздор эмне дейт?

Илимпоздор уулуу эмес деп саналган шампиньондор менен кайыңчы козу карындын (подберёзовик) уулуу болуп чыгып жатышын “же алар мутацияланып кетип жатат, же экологиянын бузулушу таасирин тийгизүүдө” деп түшүндүрүшүүдө. Негизинен, автомобиль трассаларынын жана өнөр жай, химия комбинаттарынын, аэропорттордун жака-белдеринде өскөн уулуу эмес козу карындарда уулуу заттардын көп топтоло тургандыгы илгертен белгилүү. Андыктан мындай жерлерден козу карындарды терүүгө болбойт! 
Канткен күндө да адам козу карын терүүдө же аны тамак-ашка колдонууда абдан сак болуусу керек.

Уулуу жана уулуу эмес козу карындар

Уулу эмес козу карындар тамак-ашка колдонулат. Буларга:
– лисичка
– шампиньон
– маслёнок
– опёнок
– ак козу карын
– сыроежка
– кайыңчы (байтерекчи) козу карын
– энтолома
– кадимки вешёнка ж.б.

Уулу козу карындар:
– куу поганка
– жалган лисичка
– чымын кыргыч козу карын
– жалган опёнок
– желечи козу карын
– уулуу энтолома
– була сымал козу карын ж.б.
кирет.

Эң уулуусу – куу поганка

Бул козу карындын уусу боорду, бөйрөктү, ичеги-карынды оор зыянга учуратат. Куу поганкадагы уулар 1000 градуска чейин кайнатканда, 2-3 суткалап сууга чылаганда, кургатканда да жок болбой толук сакталат. Организмге киргенде тез эле боорго чогула баштайт. Уулануудан өлүм коркунучу күтүлөт (90 пайыз).  Андыктан канчалык меджардам эрте көрсөтүлсө, аман калууга ошончолук мүмкүнчүлүк бар.

Айырмасын бил!

 Шампиньонду чогултуп жатып пластинкасынын (калпакчасынын алды) өңүнө көңүл бур. Шампиньондуку күлгүн (картаңдарынын өңү кара) болот.
Ал эми шампиньон сымал көрүнгөн боз поганканын пластинкасынын өңү ак. 
 Уулуу эмес лисичкадан айырмаланып, жалган лисичканын  калпакчасы тегерек, воронка сымал.
 Сыроежка менен жалган лисичканын айырмасы бутунун түзүлүшүндө. Жалган лисичканын буту үч бурчтуктай ичке. 
 Уулуу эмес опятанын пластинкасы ак же крем өңдүү, үзгөндөн кийин өңү өзгөрбөйт.
Жалган опятанын калпакчасынын өңү сары, кызыл, ал эми калпакчасынын алды көк-сары, үзгөндөн соң өңү кара же сыя-күрөң болуп өзгөрөт.

Козу карындан уулануунун белгилери

Уулануунун белгилери козу карындын кайсы тү­рүнөн ууланганга жараша болот. Өтө уулуусун жегенде бир аздан кийин эле уулануу билинсе, айрымдарын жегенде 1,5–2 сааттан баштап 24 саат аралыгында билинет.

Белгилери:
– Тердин көп бөлүнүп чыгышы
– Шилекейдин ага башташы
– Баштын оорушу
– Кусуу
– Көңүл айлануу
– Ич өтүү
– Ашказан жана ичегидеги катуу оорутуу
– Баштын айлануусу
– Оор учурда көзгө ар нерсенин кө­рүнүүсү, акыл-эстен тануу. 

Ууланганда эмне кылуу керек?

Өз алдынча дарыланып айыгууга мүм­күн эмес. Андыктан дароо дарыгерге кайрылуу же “Тез жардам” чакыруу зарыл. Катуу ууланган адамга тез арада жардам көрсөтүлбөсө, кайтыш болуп кетиши мүмкүн.
“Тез жардам” келгенге чейинки биринчи жардам: ууланган адамга
50 грамм активдештирилген көмүрдү ичирүү зарыл жана клизма жасоо шарт. Эгер болсо 20-30 грамм ич өт­көрүүчү каражатты кошо берүү керек. Коюу демделген чай же кофе да ичирүү кажет. Денеден уулардын бөлүнүп чыгуусу үчүн муздак чайдан көбүрөөк берсе жакшы.

Эсиңе ал!

– Козу карындын уулуу же уулуу эмес экендигин ажырата албасаң, сатып алба жана токойдон тербе! Өзгөчө картаңдарын жана чириги барларын!
– Козу карын бат бузула турган азыкка кире тургандыктан, аны узакка (өзгөчө ысыкта) сактоого болбойт.
– Кандай козу карын экендигин билбей туруп сонуркап даамын татууга же тамак-ашка колдонууга болбойт!
– Чийки козу карынды жегенге болбойт!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан