2-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанында бир канча жаштар эки топ болуп мушташа кетишкен. Бир тарапта маркум журналист Алишер Саиповдун бир туугандары болсо, экинчи жакта депутат Өмүрбек Текебаевдин инисинин уулу Азамат Текебаевдин болуп калганы бул окуяны ого бетер күчөттү. Эң оболу маалымат таратыла баштаганда укук коргоочу Азиза Абдрасулованын сөзү менен «саясатчынын тууганы журналисттин туугандарын сабап салды» деген өңүттө кеткен.
Азамат Текебаевдин досу болом деген Пазыл Алыкуловдун бизге жазган катында окуяны мындайча мүнөздөп берген: «Жаңжал болбогон жерден чыккан. 2-декабрь күнү үч бир тууган Саиповдор дүкөндө Санжар деген коңшусун токмоктоп салышкан. Өз кезегинде токмок жеген Санжар дос-тааныштарын чакырып, алардын катарында Азамат Текебаев да келип калат. Мушташта Азамат Текебаев чөнтөк телефонун жоготуп алып, дал ошол аркылуу Саиповдор телефон Өмүрбек Текебаевдин тууганына таандык экендигин билип калышкан соң экс-премьер Өмүрбек Бабановдун мурунку басма сөз катчысы Султан Каназаровго чалышкан. Ал Саиповдорго келип, бир туугандарды Бишкек ШИИБине жеткирген».
Андан аркы териштирүүдө эки тарап элдешүүгө аракет жасай баштаганда кайдан-жайдан журналисттер келип калганын жазат Пазыл Алыкулов. Жөнөкөй мушташка деле саясий боёк берүү көнүмүшкө айлана баштады. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголду.