Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди экстрадициялоо тууралуу уктуруу 7-ДЕКАБРГА белгиленди.
БИШКЕК шаары, СОКУЛУК жана АЛАМҮДҮН райондорунда жайгашкан мектептер менен бала бакчалар Жаңы жылга карата өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө алынууда.
Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгарууга жана МАНАСТЫН эстелигин орнотууга даяр экенин айтты.
Аскердик прокуратура МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУ өлтүрүү жөнүндө иш боюнча соттун чечимине кайра арыз жазып, соттолгондордун жазасын буга чейинкиден катаал кылууну суранууда.
7-декабрь күнү Бишкек шаарында өлкөнүн эң биринчи жетекчилеринин бири МАКСИМ АММОСОВГО арналган эстелик ачылды.
Каржы министринин орун басары Алина Шаикованын айтымында, 2013-ЖЫЛДЫН АПРЕЛЬ АЙЫНА карата ар бир кыргызстандык жаранга жеке номур берилет.
КОЧКОР-АРАЛ-ТӨӨ-Ашуу автожолунун 99-чакырымында №2-жүк текшерүүчү тараза пункту ишке киргизилди. Өлкөдө баары биригип мындай 17 тараза бар.
Олимпиадалык курамдын мүчөсү АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВАГА 6-декабрь күнү сот чечимин чыгарып, шарттуу түрдө 2 жылдык жаза мөөнөтү берилди.
ЖАШОО САПАТЫ боюнча дүйнөлүк рейтингде Бишкек шаары 204-орунду ээледи.
ЮНЕСКОнун Маданий мурастар боюнча тизмесине кыргыздын АЛА КИЙИЗИ менен ШЫРДАГЫ каттоого алынды.
Бишкек шаарында сарык оорусунун күчөп кеткенине байланыштуу башталгыч класстар менен бала бакчаларда КАРАНТИН жарыяланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BEMMKA
2012-12-12 12:50:14
uwul iwinerdi karap buto albadynar go,korosunor go dagy kan4a jurot ekensiner.lu4we a9gyna e4 birin 4ygara albaibyz dep koisonor jakwy bolmok,a el any prekrasno tuwunot...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.