ХИРОМАНТ

Режиссёру Антон Борматов
Сценарийин жазган Сергей Киреенко
Башкы ролдордо:
СергейЮрий Чурсин
Катя Ксения Буравская
Лена Екатерина Стулова


Фильмдин кыскача мазмуну
Сергей аттуу жаш жигит өмүр­үн­дө бир да жолу көрбөгөн атасынын азасына келип, ал жерден ата­сынын досун жолуктурат. Ал маркум досунун керээзин аткарып, Сергейге атасынын күндөлүгүн жана хиромантия боюнча байыркы китепти тапшырат. Атасынын калтырган мурасы жигиттин жашоосун түп тамырынан бери өзгөр­төт. Анткени, колуна тийген күндө­лүк менен китептен улам Сергей өз атасы белгилүү хиромант (алакан аркылуу адам тагдырын окуган адам) болгонун билет. Өз жакындарынын тагдырын алакандарынан окуп-билип койгондон качкан атасы убагында үйбүлөсүн таштап кеткени да белгилүү болот.
Хиромантия илимине берилип кеткен Сергей окуусун да таштап, атасынын жолу менен кетет. Ушун­дан соң ар кандай адамдардын алакандарын окуп, алардын келечегин, тагдырын билүү Сергейдин жашоосунун өзөгүн түзүп калат. Өлүкканага барып, өлгөн адамдардын алаканынан тагдырын окуп көрүп, алардын тагдырын изилдеп отуруп, дасыккан хиромантка айланат. Чечен согушуна барып досторуна жакындаган ажалды көрүп сезгени менен жардам бере албай кыйналат. Согуштан келген соң, Сергей алакан ачуу менен атакка да, байлыкка да жетишет. Хиромант Сергейдин принциби – өзүнүн жакындарынын алаканын карабоо эле. Бир жолу аргасыз аялы Ленанын алаканын карап, ага жакындап келе жаткан ажалды сезет. Бирок, анын алаканындагы айрылыш сызыктын сырын чечүү үчүн өз илими жетишпесин сезип, Индияга жол тартат. Ал жактагы белгилүү хиромант-брахмандан сүйүктүү аялын жана анын боюндагы баланы сактап калыш үчүн өз өмүрүнөн кечиши керек экенин угат. Акыры үйбүлөсү үчүн өзүнүн өмү­рүн кыят.

Тасма кайда тартылган?
Фильм 1990-жылдардагы окуяны камтыйт. Тасма окуянын өнүгүшүнө жараша Ярославль, Москва шаарында, Чеченстанда жана Индияда тартылган. Фильмдеги согуш кырдаалын чагылдырып берүү оңойго турган эмес. Мындай эпизоддор Ярославль шаарындагы зениттүү-ракеталык институтта жана Костроманын алдындагы кумдуу полигондо тартылган. Ал эми аскерлердин массовкага аскерде окуучу курсанттар, жоокерлер тартылган.
Ал эми башкы каарман Сергей индиялык брахманга кайрылып жаткан эпизодго реалдуу брахманды тартып алышкан. Режиссёр Антон Борматов минтип эскерет: «Биз съёмка тарткан топ менен алакан ачып отурган брахманга жакындадык. Ал биздин кино тартып жатканыбызды деле сезген жок. Күндө жасап жаткан иши катары эле адамдардын жүзүн карап да койбой, алакан ачып сүйлөй берди. Биз ошол жерден тарткан сюжетибиз өтө кызыктуу чыкты.»
Ошондой эле фильмдин көпчүлүк бөлүмү Москадагы өлүкканада, мүрзөдө, ооруканада тартылган.

Катышкан актёрлор тууралуу
Башкы каармандын ролун аткарган Юранын бул биринчи жолку чоң ролу. Буга чейин актёр катары тааныла албай жүргөн Юрий Чурсин «Хиромант» фильминен кийин популярдуулукка жетишкен. Кастингден өткөн соң, Юра хиромантия или­мин өздөштүрүү үчүн ар кандай китептерди окуп, курстарга жазылган. 2005-жылы аталган роль үчүн Юрий Чурсин «эң мыкты роль» сыйлыгына татыктуу болгон.
Ал эми Сергейдин сүйгөн кызы Катяны аткарган Ксения Буравскаяга дагы ролу чоң ийгиликти алып келген.

Кызыктуу маалыматтар

  • Фильмдин экинчи сериясында актёрлордун ооздору көгөрүп кеткени байкалат. Буга жайкы эпизодду жайында эмес, күн сууктап калган маалда, октябрь айында тартышканы себеп болгон.
  • Сергейдин атасынын досун ат­карган белгилүү актёр Виктор Авилов үчүн бул роль акыркысы болгон. Анткени, тасма тартылып баштагандан кийин көп өтпөй актёр кайтыш болуп кеткен. Ошол себептен фильмдин сценарийин өзгөртүүгө туура келген.
  • Сценарийде Сергей түрмө­дөгү кылмышкерге сазга чөгүп өлөөрүн айтат. Анын айтканы келип, кылмышкер сазга чөгүп өлөт. Өлүгүн бирөө саздан сууруп чыгарат. Ушул эпизодду, башкача айтканда, өлүктү сууруп чыгып жатканда кимдир бирөө актёрду башына катуу уруп жиберет. Катуу сокку алган актёр бир канча убакытка чейин эсин жоготуп кой­гон.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан