Ийгилик артынан ийгилик жаратып келген «Тамашоу» курама командасы күйөрмандарын дагы бир ирет сүйүндүрдү. Бул жолу «тамашоучулар» 2-декабрда Астана шаарында өткөн Эл аралык КВН союзунун Орто Азия Лигасынын финалдык оюнунда чемпиондукту эч кимге беришпеди. Учурда «тамашоучулардын» кубанычында чек жок. Өз сөзүндө «Тамашоунун» түптөөчүсү Эрмек Нурбаев: «Оюн татаал болду. Бирок биз биримдүүлүгүбүздүн артынан жеңип кеттик»,- дейт. Эми команда 2013-жылы январь айында Сочи шаарында өтө турган фестивалга даярдык көрүүгө катуу киришти. Эске салсак, Астана шаарында өткөн оюнга Кыргызстандан «Тамашоу» жана «Кыргыздар» аттуу командалар катышкан. «Тамашоу» чемпиондукту алса, «Кыргыздар» 3-орунду алып кайтышты. Жеңишиңер кут болсун, күлкү жаратуучулар!