Керме каш сулуу ырчы айым Айгерим Расул кызы өзүнө ылайык жигит издеп жүрөт. Өмүрлүк жолдоштукка эмес, жакында тарта турган «Кайрылбайм» аттуу ырынын клибине. Туура келген жигит табылса эле клипти тартуу иштерин баштаганы турат. Мындан сырткары ырчы дагы бир тасмага тартылып бүткөнүн кабарлады.