1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 30-ноябрда Орусияда өткөн «Ишен жана аткар!» деген ураандагы концерт-акцияга Кыргызстандын атынан "обу жок кызмын" деген эпатаждуу ырчы Каныкей катышып келди. Аталган иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Өзбекстан, Украина жана Молдовадан өкүлдөр чакырылган. Концертке Орусиянын Прохор Шаляпин, Виктория Пьер-Мари, Николай Дроздов, Оксана Федорова өңдүү аттуу-баштуу адамдары катышкан. «Катышуучулардын баары менин кийизден тигилген көйнөгүмө таң калып, үнүмө кызыгышты» дейт ырчы. Эмне демекчибиз, таң калтырганыңды уланта бер, Каныкей.