Жалаң сымбаттуу жигиттерден куралган «Жебе» тобу Жаңы жылдан кийин жеке топ катары бет ачар концертин беришмекчи. Топтун жетекчиси Кенже Дүйшеева: «Жебе» тобу бир топ концерттерге катышып, той-кечелерде да өз өнөрлөрүн элге тартуулап келишкени менен топ катары тушоосун кесип концерт берише элек. Жаңы жылдан кийин мына ушул максатыбызды ишке ашыралы деп жатабыз. Андан сырткары менин жана «Жебе» тобунун ыр топтомунан турган ырлар жыйнагын чыгаруунун аракетиндебиз»,- деген оюн билдирди.