Гүлзада Рыскулова 15-декабрь күнү Түркияга аттанганы турат. Ырчы Стамбул шаарында өтчү Дүйнөлүк жаштар курултайына катышууга чакыруу алган. Гүлзада: «Аталган курултай 20 жылдан бери дүйнөдөгү жаштардын башын бириктирип, уюштурулуп келет экен. Курултайга 30 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Кыргызстандан мен баратам»,- дейт.