«Ырчы KG Эльмурат дин жолуна түшүп, сакал коюп, беш маал намаз окуп жатыптыр» дешти, аны көргөндөр. Бул боюнча «Жакында Өзгөндө үч күндүк дааватта болуп кайттым. Кудай буюрса, үйлөнөм да, ошон үчүн үй-бүлө тууралуу бир аз сабак алып, кеп-кеңеш угуп келдим. Намазды да үйрөнүп, учурда бир маал окуп жатам. Ырчылыкты да таштабайм, жаңы чыгармаларды жаратып, элге тартуулай берем»,- дейт Эльмурат. Үй-бүлө жаатында тажрыйба топтоп, кеңеш алып жүргөнүнө караганда, той жакында окшойт...