«Жылдын супер күлкү жаратуучусу» наамына талапкерлердин бири, куудул Тынар Курбаналиев жакында эле тамагына операция жасатканын билдирди. Курч тили, куйкум тамашалары менен элине кызмат кылып жүргөн куудул кыйынчылык менен сүйлөп жатканын айтат. Ага карабастан учурда сахналашы Борончу Кудайбергенов экөө казак куудулдарын Кыргызстанга апкелип концерт коёбуз деп, буту бутуна тийбей чуркап жүргөн кездери. Акыркы күндөрү эгиз козудай ээрчишип калышкан эки куудул келерки жылы чоң иш баштайлы деп жатышканын айтышат. Тагыраак айтканда, жай айларында «Күлкү кечеси» аттуу фестиваль уюштурганы турушат. «Фестивалга казак, өзбек, тажик, орус куудулдарын чакырабыз, ар ким өз тилинде күлкү тартуулайт. Оюбуз ишке ашса бул фестивалды жыл сайын өткөрүүнү салтка айлантабыз» дешет алар. Тилеген ой-максаттарыңар орундалсын дейли.