ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27

«ВЕТЕРИНАРДЫК ШТАБДЫ КАНТИП АЧУУГА БОЛОТ?»
– Нарын районунун Миң-Булак айылында 5 миңден ашуун түтүн жашайт. Баары мал чарбачылыгы менен алектенет. Өкүндүргөнү, бизде ветеринардык штабдын жоктугу. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Сервис түзгүлө дешти эле анысын да түздүк. Бирок эч кандай майнап чыга элек. Кантип аталган штабды ачууга болот?

Асмат Жумакадыров, Нарын району.

– Ооба, чындыгында республика боюнча ветеринардык штабдар, адистер жетишпейт. Өкмөттүн буйругу менен кыскартылып отуруп, бүгүнкү күндө биздин департаментте алардын 33 пайызы гана иштеп жатат. Мындан сырткары өлкөбүздө 1200дөн ашык жеке менчик ветадистер элге кызмат көрсөтүп келишет.
Сурооңуз боюнча алгач Нарын облустук ветеринардык департаменттин башчысына байланышып, окуянын чоо-жайын тактайын. Эгер чын эле биз жактан бут тосуулар болуп жатса, чара көрүп, штабды ачып берүүгө аракет кылалы. Сервис түздүк деп жатасыз. Эгер чын эле сервис түзгөн болсоңуздар, анда биз штаб ачып берүүгө даярбыз. Ал үчүн айылыңыздарда дипломдуу ветадистин болушу шарт.

Суроого Мамлекеттик ветеринардык департаментинин директору Жаныбек Султанов жооп берди.

«МЕКТЕПТИН ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИНЕ АТА-ЭНЕ АКЧА БЕРИШИ КЕРЕКПИ?»
– Эки уулум, бир кызым мектепте окушат. Жыл сайын мектептин оңдоп-түзөө иштерине деп акча жыйнашат. Сурайын дегеним, мектепти оңдоп-түзөө иштерине ата-эне акча чогултуп бериши керекпи же мамлекеттен каражат бөлүнөбү?

Андабекова Айыгүл, Ош шаары.

– Республикалык бюджеттен мектептердин оңдоп-түзөө иштерине 100 миллион сом каражат бөлүнөт. Бирок бул акча өлкөбүздөгү 2205 жалпы билим берүүчү мектептер үчүн жетишсиз.
Ал эми ата-энелер тарабынан көрсөтүлгөн жардам эч кыйноосуз, ата-эненин өз демилгеси менен болуусу керек жана көзөмөлдөөнү өздөрү жүргүзүүсү абзел. Ал үчүн мектеп алдындагы камкорчулар кеңеши иш алып баруусу кажет.
Ошол эле учурда мугалим балдарга сапаттуу билим берүү менен гана алектениши керек. Жогорудагы оңдоп-түзөө иштери, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасынын милдети жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маселе болууга тийиш.

Суроого Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ouma
2012-12-11 12:31:12
Жаны иш баштаган ишкерлерге да кенеш бере кетсениздер. Эгер мен жаны инвестор алып келсем. кандай документтер талап кылынат. жеке менчик фирма ачканга кандай документтер керек. жана салыктын олчому канча болот.?
0
i-abilov
2012-12-11 12:55:39
менде 5 машина бар бирок жылы 2000 жылкы машиналар. Ошолордун арбири канча сомдон растамошка болот??
0
kardaza76
2013-02-25 09:47:27
биз 20 жылдан бери совхоздун тамында жашап келебиз убагында менчиктештрилбей калган азыр савхоз да бар окмот да бар совхоздун быйылкы токтомун жарабайт деп жатышат ушуга жооп альп бергиле
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан