БАНКТЫК САЛЫМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Банктык салым (депозит) – кардар тарабынан банкка сакталган акча каражаты.
Банктык салым үчүн банктар акча ээсинен акы сурабайт. Тескерисинче, сактоого калтырылган акчаны банк акчага муктаждарга насыя түрүндө берип пайда табат. Насыядан түшкөн пайданын бир бөлүгүн банк өзүнө алса, бир бөлүгүн акча ээсине төгүп берет.
КАЙСЫ ТҮРҮ ПАЙДАЛУУ?
ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
Акчаны сактоодо коопсуз жайлардын бири банк экени талашсыз. Бирок акчаны сактоонун алдында банкты тандоо зарыл. Себеби банк банкрот болуп калып, салым ээлери акчаларын ала албай калган учурлар бар. Аны менен катар акчаны жөн гана сактабастан, кошумча пайда алып келгидей болушу шарт. Андыктан төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:
УЗАК МӨӨНӨТКӨ САЛСАҢЫЗ, ПАЙДА ТАБАСЫЗ
Банкка акча сактаган адамдардын көпчүлүгү андагы пайыздык суммага карап пайда табууга умтулушат. Бул туура кадам. Анткени үйдө акчаны катып жата бергенден көрө банкка салсаңыз, биринчиден, коопсуз, экинчиден, пайда алып келип турат.
Салымдардын ичинен эң кирешелүүсү – мөөнөттүү салым. Ошондой эле салымдар мөөнөтүнө карап 9 айга чейин кыска жана 1 жылдан жогорулар узак мөөнөттүү деп экиге бөлүнөт. Мөөнөт канчалык узак болсо, салымдын үстүнө кошулуучу пайыздык суммасы да жогору болот.
КАЙСЫ ВАЛЮТАДА САЛУУ КЕРЕК?
Салымдын пайдасына карасаңыз, улуттук валютабыз – сом менен салыңыз. Сомго болгон пайыздык чен жогорку өлчөмдө. Ал эми чет элдик валюталарга аз өлчөмдө пайыз төлөнөт.
ПАЙЫЗДАРДЫ КАПИТАЛИЗАЦИЯЛОО
Эгер салымдын пайыздарын ай сайын же квартал сайын алууга муктаждык жок болсо, анда пайыздарды капитализациялоого болот. Бул – салым үчүн сизге төлөнүүчү пайызды салымдын үстүнө кошуп, андан дагы пайда алуу жолу.
КЕЛИШИМ
Келишимге көз жүгүртүп жатканда банктык салымдарды коргоо каралдыбы-жокпу, сөзсүз билиңиз. Эгер мындай сүйлөмдү таба албасаңыз, анда баш тартыңыз. Себеби банк банкрот болуп калса, салымды төлөп берүүдөн качат да, акчаңыз күйүп кетет. Эгер банктык салымдар коргоого алынган болсо, коркуунун кереги жок. Банк банкрот болуп калган учурда Салымдарды коргоо агенттиги ар бир кардардын салымын жана анын пайыздарын төлөп берет. Бирок төлөнүүчү компенсациянын өлчөмү бир кардарга пайызын жана салымдын негизги суммасын кошкондо 100 миң сомдон ашпайт. Андыктан кардардын эсине, бир банкка 100 миң сомго чейинки гана акча салыңыз. Мисалы, 150 миң сомду бир банкка салдыңыз да, бир аз убакыт өткөндө банк банкрот болуп калды дейли. Мында сизге 100 миң сом гана кайтарылып берилет да, 50 миң сомуңуз жана пайыздарыңыз күйүп кетет. Ошон үчүн 75 миңден бөлүп эки банкка салыңыз. Эгер бир банк банкрот болуп калса, андагы 75 миң сомуңузду жана анын пайыздарын толук кайтарып алууга мүмкүн.
БАНКТА САКТАП КАНЧА ПАЙДА ТАБУУГА БОЛОТ?
Банктык салымдын учурда түрүнө жана мөөнөтүнө жараша бир жылдык үстөгү 15 пайызга чейин. Эң пайдалуу деген мөөнөттүү банктык салымды тандап, акчаңызды 2 жылга салсаңыз, жылына үстөк 15 пайыздан эсептелет. Мисалы, 1000 сомду жогорудагы айтылгандай кылып салсаңыз, бул акча эки жылда 300 сом пайда алып келет. Ошондо банктан салымдын сактоо мөөнөтү бүткөндө колуңузга 1300 сом аласыз.
ТАРЫХЫНАН БИР ҮЗҮМ...
Банктык иштерди жүргүзүүнү вавилондуктар жана грециялыктар баштаганы тарых беттеринде айтылат. Анда айтылгандай, соода жүргүзүүчү жайларда акчаны сактап жана аны алмаштыруучу банколор болгон. «Банко» сөзүн итальян тилинен бизче которгондо «стол» дегенди түшүндүрөт. Мына ошол столдо отуруп акча алмаштырып иштегендерди банкерии (bancherii) же азыркы тилде банкир деп аташкан. Банколор акчаны сактоого берген адамдын атынан ар кандай төлөмдөрдү төлөп туруу кызматын көрсөтүшкөн. Бул кызмат көбүнчө соода кылгандар үчүн ыңгайлуу болгон. Себеби ар кайсы шаардын өзүнүн акчасы болгондуктан, соода кылууда акчаны алмаштырууга туура келген. Алар сатып алуучунун эсебиндеги акчадан сатуучуга которуп жазып, башка валютадагы акча болсо, банко өз эсебиндеги акчадан төлөп турган.
Башка шаарларга да акчаларды банкирлердин жардамы менен ташып барышкан. Мындай систем соодагерлер үчүн бир топ жеңил болгондуктан, бул тармак өнүгүүгө бет алган. Акча алмаштырууда көрсөткөн кызматы үчүн акы алып турушкан жана ал пайданы үстөк пайыз менен насыяга берип пайда табуу жолун өздөштүрүшкөн. Андан сырткары ар кандай баалуу буюмдарды, документтерди да сактоого кабыл алып пайда табышкан. Ошондой эле ошол кездерде чиркөөлөр да элдин мүлкүн сактоо, насыя берүү кызматын көрсөткөндүгү белгилүү. Алардын үстөк пайыз алгандыгы же албагандыгы тууралуу маалымат жок.
Байыркы Рим жана Грециянын соода жайларындагы банколор өнүгүп отуруп, банктар түзүлгөн. Алар элдин акчасын сактап, бирок колдонууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Ал эми сактаган каражат үчүн банктар акы алып турушкан. Аны менен жаңы терминдер пайда болуп, элдин банкка сактаган акчасы банктык салым (депозит) деп аталган. Байыркы римдиктердин «depositum»деген сөзүнөн келип чыккан бул термин бизче которгондо «сактоого берилген буюм, аманат» дегенди түшүндүрөт. Ал эми банктар салымды насыяга берип, андан түшкөн пайыздык пайданын жарымын өзүлөрүнө, жарымын салым ээсине берүү системи 1609-жылдарда ишке кирген.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg