Жаш тери өз алдынча бат калыпка келип калууга жөндөмдүү. Андыктан лифтинг каражаттарынын кереги деле жок. Бирок бырыштын алдын алуу үчүн косметиканын кереги бар. Косметика клеткаларды жакшы иштетип, теринин сыртын жылмакай кылып, көздүн сурмасын нымдандырат (бырыш дал ошол нымдын жетишсиздигинен түшөт).
20-30 жаштагылар нымдандыруучу каражаттарды тандаса болот. Анткени убакыттын өтүшү менен теринин нымды кармоо жөндөмдүүлүгү төмөндөп, тери серпилгичтигин жоготот. Тери кургак жана жука тартат.
35 жаштан кийин аялдарда ушул айтылгандар күтүлсө, анда бырышка каршы кремдерди тандоосу кажет. Лифтингдүү каражаттарды 30-40 жашта колдонбоо керек. Мындай кремдер көбүнчө 45-50 жаштан кийинкилерге ылайык.
СУРМАГА КРЕМ КОЮУ
Бырышка каршы крем же гель манжанын учу менен мурундан чыкыйды көздөй сүртүлөт. Жеңил кремди акырын сыйпоо менен жапса болот. Гелди жана коюу кремди манжанын учу менен сүртүү жетиштүү. Башкача айтканда, тери чоюлбашы кажет. Ар түнү жатар алдында сурмадагы боёкту жууп крем коюп туруу керек. Күндүн зыяндуу нуру, шамал көздүн айланасындагы терини кургатып жиберет. Андыктан көз айнек тагынууну, күндөн коргоочу кремди колдонууну унутпаңыз. Сурма 1 аптада бир жолу маска жасап кам көрүп турууну талап кыларын да эске алыңыз.
КРЕМДЕН ЭМНЕ ҮЧҮН БЫРЫШ ТОЛУК КЕТПЕЙТ?
Күчтүү кремдер да бырышты толук кетире албайт. Бирок алардын санын азайтып, андан ары бырыштын түшүшүнүн алдын алат. Кремдин таасирин массаж күчөтө алат. Эгер күнүгө 15 мүнөт бетке массаж жасалса, анда 2 аптада өзгөрүүнүн белгиси байкалып чыга келет. Анткени беттеги булчуңдар чыңдалат да, беттин контуру чыгып, өң сулуу тартып калат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg