КАРАКЧЫЛАР 1 ЖЫЛДАН CОҢ КАРМАЛЫШТЫ

Өткөн жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө чак түштө каракчылар кирип, ири суммадагы акчасын тоноп кетишкен. Кармалбастай болгон бул каракчылар туура бир жылдан кийин колго түшүп отурат.

КАРАКЧЫЛАРДЫН БИРИ ФОРМАЧАН...
Тергөөнүн версиясы боюнча окуя төмөнкүчө болгон. 15-декабрда күндүзгү саат 2 чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде эшиктин коңгуроосу шыңгырайт. Үй кожойкеси андан бир аз эле убакыт мурун жумуштары менен сыртка чыгып, үйдө анын тууганы, 18 жаштагы студент жигит жалгыз болгон. «Ким бул?»деген суроосуна «аймактык инспектор болом»деген жоопту уккан жигит эшикти ачат. Ошол убакта 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз 4 эркек жана 1 аял түртүп киришип, жигитти сабап, тапанча менен коркутушат. Кол салгандардын бири милиция кызматкеринин формасын кийип жүргөн. Эмнегедир бардыгы бет капсыз болуп, жүзүн жашырышкан эмес. Каракчылар тапанча, бычак менен коркутуп, сабап, колу-бутун жип менен байлап коюшат да, үйдү тинтип киришет. Үй ичин түп көтөрө чачып, 800 миңден ашуун сом жана 1800 доллар акчаны алып, изин суутушат.
Милиция кызматкерлерине кылмыштын изи сууй электе кылмышкерлерди кармоого мүмкүн болгон эмес.

ЖЕРДЕШТЕРДЕН ТУРГАН КЫЛМЫШТУУ ТОП
Уурунун арты кууш. Бул кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүү туура бир жылга созулуп, жакында гана Бишкек шаардык ИИББинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын оперкызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 3 адам колго түшүрүлгөн. Алардын бири мурун мал уурулугу менен соттолгон болсо, экинчиси ар кайсы кылмышы үчүн 7 жолу соттолгон экен. Ал эми үчүнчүсү аял болуп чыккан.
Белгилүү болгондой, кармалгандардын баары жердештер. Дагы экөө башка кылмышка баргандыгы үчүн милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөнү билинген. Кылмышкерлерге маалымат берген адам ким экендиги тергөө учурунда аныкталмачы. Себеби үйдө ири суммадагы акча болгондугун билген жана кожойке чыгып кеткенин акмалап турган бирөө болгондугу талашсыз.

«БУЛ ТОПТУН ДАГЫ 2 КЫЛМЫШКА КАТЫШТЫГЫ БАР ЭКЕНДИГИ АНЫКТАЛДЫ»
Ленин РИИБинин ага тергөөчүсү НАЗИРА БЕЙШЕНОВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр: 1980-жылы туулган И.А., 1975-жылы туулган Н.Н. жана 1977-жылы туулган Ж.Г. колго түшүрүлүп, СИЗОго киргизилди.
Бул кылмышка шектүү дагы Эмил жана Айбек дегендер Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан башка кылмыш кылганы үчүн кармалып, алардын өздүгү аныкталууда. Бул топтун дагы 2 кылмышка баргандыгы аныкталды, башка да кылмыштарга тийиштиги болушу мүмкүн.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Каракчылар 1 жылдан соң кармалышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
TolonturCN
2012-12-22 12:39:41
Арам акча аш болбойт, адал эмгегиңер меен эле акча тапсаңар болбойбу.
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан