СИЗГЕ КАНДАЙ КОМПЬЮТЕР ЫЛАЙЫКТУУ?

Компьютер сатып алууну көздөгөндөр «кандай компьютер алыш керек, кандайын тандасам?»деген маселеге такалары анык. Чындыгында, заманбап техникалардын ичи-тышын толук түшүнүү кыйын. Сыртындагы көрсөтмөсү жазылган сандарды, жазууларды түшүнбөй, кайсынысы жакшы десе, ошону алууга ашыгабыз.

КОМПЬЮТЕРЛЕРГЕ ТААНДЫК НЕГИЗГИ МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Алгач компьютерди кандай максатта сатып алууну көздөп жатканыңызды так аныктап алыңыз. Иштегенгеби, ойногонгобу, кино көрүп, музыка угуп, интернетке саякаттоо үчүн колдонуугабы? Максатыңызды аныктаган соң дүкөнгө аттандыңыз дейли. Эми төмөнкүлөргө көңүл буруп, компьютерлерге таандык негизги мүнөздөмөлөрдү билип алыңыз.

Процессор (гигагерц менен өлчөнөт – Ггц) – компьютердин "мээси". Бул негизги эсептөөлөрдү жана компьютердин иштөө ылдамдыгын аткарат. Процессордун жыштыгы канчалык жогору болсо, ошончолук иштөө мүмкүнчүлүгү чоң болот. Иштөө үчүн жөнөкөй процессорлор жарайт (мисалы, Intel Celeron жыштыгы 1,9-2,7 гигагерц). Ал эми күчтүү оюн, программалар үчүн жогорку жыштыктагысын тандоо керек (мисалы, Intel Core i5, 3,1-3,6 гигагерц).

Оперативдик эс-тутум (гигабайт менен өлчөнөт – Гб) – процессордун эң жакын «курбусу». Оперативдик эс-тутум 2 гигабайттан төмөн компьютердин иштөөсү жай жүрөт. Оптималдуу оперативдик эс-тутум 4 гигабайт болуп эсептелет. Мында процессор менен оперативдик эс-тутумдун ортосунда маалыматтар алмашуусу тез жүрөт.

Видеокарта. Эгер графика менен иштейм же мыкты оюндарды ойнойм десеңиз, видеокартанын көлөмү жана жыштыгы жогору болууга тийиш (көлөмү мегабайт, гигабайт жана бит менен өлчөнсө, жыштыгы гигагерц менен өлчөнөт). Жыштыгы аз көрсөтүлгөн видеокарта видео көрүүдө ыңгайсыздык жаратат, видеонун сапаты начар көрүнөт жана экран титирей берет.

Катуу дисктин (жёсткий диск) көлөмү жана айлануу ылдамдыгына көңүл буруңуз. Катуу дисктин көлөмү канчалык чоң болсо, ошончо маалыматты компьютерде сактай аласыз (көлөмү гигабайт же терабайт менен өлчөнөт). Айлануу ылдамдыгы жогору болсо, маалыматты окуу, жазуу иши тез аткарылат. «7200 rpm»деген көрсөткүчтөгү катуу дискти тандасаңыз болот. Документ, сүрөт, музыка сактоого көлөмү 200 гигабайт болсо жетиштүү. Ал эми оюн, фильм сактоо үчүн 500 гигабайттан жогоркусу талап кылынат.

Сырткы туташтыргычтар – USB 2.0 жана 3.0. Бул туташтыргычтар фотоаппарат, флешка өңдүү түзүлүштөрдү колдонууда керектелет. USB 3.0 маалыматты компьютерге же компьютерден башка түзүлүшкө өткөрүүдө убакытты үнөмдөйт. Эгер сыналгыңызда hdmi өткөргүчү болсо, анда компьютерди да ушул өткөргүчү барынан тандаңыз. Бул аркылуу кабелдик берүүлөрдү көрүүгө мүмкүн.

ОперациОНДУК систем. Көпчүлүк компьютерлерге сатуучулар Windows, Macintosh, Linux операциондук системдерин орнотуп коюшат. Алардын ичинен учурда эң мыктысы – Windows 7 максималдуу операциондук системи. Бирок мындай систем орнотулбаган компьютер арзаныраак болот.

Монитор тандоодо баасына эмес, сапатына көңүл бурган оң. Монитордун диагоналы 17-24 дюйм болсо жакшы. Бул иштегенге, видео, фильм көрүүгө ыңгайлуу. Ал эми мындан чоң 30 дюймга чейинкилер көзгө ыңгайсыздык жаратат (экран чоң болгонго көз улам чуркап калат).

Кулер – процессордун "муздаткычы". Компьютер сатып алууда кулердин чоң көлөмдөгүсүн тандоону унутпаңыз. Бул компьютердин ички температурасынын жогорулап кетишинен сактайт.

Кубаттандыруучу блок (блок питания) – компьютердин ички бөлүгүнүн стабилдүү иштөөсү кубаттандыргычтын күчтүүлүгүнөн көз каранды. Оюн үчүн тандап жатсаңыз, 500 ваттан жогору болууга тийиш. Ошондой эле желдеткичи сөзсүз болсун.

DVD/CD маалымат өткөрүүчү түзүлүшү. Учурда бардык компьютерлерде бар. Бирок алардын ичинен ±RW белгиси көрсөтүлгөнүн тандаңыз. Бул белги дисктеги маалыматты окуганга жана дискке жазууга мүмкүн дегенди билдирет.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
medetbek
2012-12-17 14:11:32
жакшы кенеш экен билип алыш керек
+2
sansho
2012-12-17 19:26:35
windows 8ди бир тобу которо албайт экен
+1
gangster_KG
2012-12-17 23:48:15
жакшы кенеш экен окуп алгыла компютер тандаганда жанылбайсынар
+2
zzz---zzz
2012-12-20 18:55:16
Муну Шаардын кайсыл дукондорунон алса болот?
0
skatoruk
2012-12-21 10:41:32
ОШто Техномаркет "Ырыскы" деген магазинден алса болот.
0
Nazika_1990
2013-01-19 12:58:46
Чооон рахмат,жакшы кенеш экен, эми билип алдым кандай компьютер алыш керек экенин
0
Bekboy
2013-04-20 12:01:13
Эн жакшы макала! Озгочо мага Супердин кыргызчаланган терминдери жагат. Менин кесиптик создорумдун кыргызчасы кандай болоорун таппай кыйналганда Супер-суппер жардамчы болот!
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан