Таалайбек Өмүралиев, КРнын Коргоо министри, генерал-майор:«МАМЛЕКЕТИБИЗДИ КОРГОП КАЛУУГА КҮЧҮБҮЗ ЖЕТЕТ»

«Мекенди коргоо деген да кесип бар» деп коюшат. Бүгүнкү биздин «Бейне» рубрикабыздын төрүндө өлкөбүздөгү ушул кесип ээлеринин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев болмокчу.

«АПАБЫЗ ЖАЛГЫЗ ЧОҢОЙТКОН»
- Мен 1965-жылы 2-майда Нарын облусунун Кочкор районунда карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Барыктабас өмүр бою айдоочулук кесипти аркаласа, апам Букен убагында райкомпартияда, быткомбинатта кызматкер болуп иштеген. Атам эрте каза болуп калып, бизди апабыз жалгыз тарбиялап чоңойтту. Кичине болгондуктан, бизди кандай кыйынчылыктар менен багып жатканын сезбептирбиз деле. Бардык күчүн балдарын тарбиялоого жумшап, баарыбызды жогорку окуу жайларында окутту.

«БИР ТУУГАНДАРЫМ...»
- Балалыгым кадимки кыргыз айылында өттү. Кээде мектепке барбай көчөдө ойномой, жайкысын жайлоого чыгып дегендей. Үй-бүлөдө 3 эркек, 3 кызбыз. Мен экинчисимин. Улуу агам Майрамбек илимдин кандидаты, учурда ИИМдин академиясында окутуучу болуп эмгектенет. Кичүү иним Маратбекти «семейный советте» «сен кичүүсүсүң, айылда калышың керек» деп чечип, апабыздын жанына калтырып койгонбуз. Айылда чакан чарбасы бар. 3 карындашым жогорку окуу жайларын бүтүп, турмушка чыгып, үй-бүлөлөрү менен жашашат.

«АЛГАЧКЫ АКЧАНЫ КЫШ КУЮП ТАПКАМ»
- Мектепте аябай жакшы окугам деп мактана албайм. «3», «4», «5» деген бааларга окуганым менен, дене тарбия, физика, адабият сабактарын кызыгып окучу элем. 7-классымдан баштап эле акча таба баштадым. Айылдын четинде кыш заводу бар эле, ошол заводго 3 айга жумушка кирип иштеп, биринчи акчамды кыш куюп тапкам. Иш аябай оор болчу. Заводдон райондун борборуна автобус менен алып келип таштап койчу, андан ары үйгө жөө кетчүмүн. Аябай чарчагандыктан, үйгө жеткиче 3-4 жолу эс алып, анан жеткен күндөр болду. Павел Корчагин тууралуу кинодо ал тамак ичип отуруп уктап калат эмеспи. Аны көрүп «кантип эле тамак ичип отуруп уктап калсын?» деп таң калсам, кийин менде да ошондой учурлар болгон. Биринчи жолу 105 сом айлык алып, бир тыйынын коротпой апама алып келип бергем. Ага апам кайра эле өзүбүзгө мектепке керектүү буюмдарды алып берген.

«АСКЕР АДАМЫ БОЛУШУМА «ОФИЦЕРЛЕР» ТАСМАСЫ ТААСИР БЕРГЕН»
-«Офицерлер» деген кино менин аскер адамы болгонума чоң түрткү болгон. Мектепти аяктап жатканда аскердик окуу жайга тапшыра турган болдум. «Эгер өтпөй калсам, анда театралдык окуу жайга тапшырам» деп ойлодум, себеби артисттикке шыгым бар эле. Мектепте окуп жүргөндө ырдап жана интермедияларды ойноп жүрчүмүн. «Өткөөл куракта ырдаба, үнүң бузулуп калат» дешсе, ишенген эмесмин. Бирок ырдап жүрө берип, чын эле үнүм бузулуп кетти. Азыр той-топурларда гана ырдап коём. Кудай буюруп, биринчи тандаган окуума өтүп кеткем.

«АСКЕРДИК ТАРТИПТЕГИ КУРСАНТТЫК КҮНДӨР»
- Менде студенттик эмес, курсанттык күндөр өттү. Экөөнүн асман менен жердей айырмасы бар. Себеби аскердик окуу жайда аскердик тартип, жобо менен жашайсың. Биз бир чоң казармада 100дөй курсант жашачубуз. Алматыда окудум, барганда бир жарым жылга чейин шаарга чыккан эмесмин. Айыл мектебин бүтүп барган мага жогорку математика, механика сыяктуу оор сабактарга эптеп жетишүүдөн сырткары убакыт жок болчу. Анан да кароолго, нарядга турчубуз.
Биринчи жолу башка оор каска, бутка оор өтүк кийип, аскер баштыгын, автомат асынып алып 10 чакырымдык «марш-бросокко» чыкканыбыз дале эсимде. Марага 100 метрдей калганда бутум түйүлүп, аягына сойлоп жеткем. «Артта калып калбадым бекен?» деп коркком, бирок 4-5-болуп келиптирмин. Жаштык курагымдын аскердик тартипте өтүп кеткенине капа болбойм, себеби мага ушундай жашоо жакчу, ошону билип туруп баргам.

«КЕЛИНЧЕГИМДИН КОЛУН АПАСЫНАН СУРАГАМ»
- Жубайым Асия менен романтикалуу маанайда тааныштым деп айта албайм. Аны менен таанышкан учурда мен соттолгон аскер кызматкерлери кармалуучу дисциплинардык батальондо командир болчумун. Ошондуктан соттор менен тыгыз иштешчүбүз. Бир жолу сотко барсам, татынакай кыз отуруптур. Көрүп эле жактырып, таанышуунун жолдорун издей баштадым. Жумушунун алдына келип, анын чыгышын күтүп отурчумун. Кудай жалгап, бир жыйналышта чогуу отуруп калып, ошондо таанышканбыз. Биринчи эле жолугушууда жылдызыбыз келишип калды. Өзүм романтик болгонгобу, жолугушууларга жалаң роза гүлүн көтөрүп барчумун. Ал убакта акча тартыш болгондуктан, акчамдын көбү роза гүлдөрүнө кетчү.
Атам жок, агам ал убакта Санкт-Петербургда аспирантурада окучу, ошондуктан өзүм эле гүл көтөрүп алып кайненеме кызынын колун сурап барып, макулдугун алгам. Ал убакта кафе дегендер азыркыдай көп эмес, Лимузин автоунаалары жок. Бир ашканага чакан үйлөнүү той өткөрдүк. Классташ досторум өтүп бараткан бир Волганы жалдап келишип, ага 3-4 лента байлап алып үйгө алып баргам.
Жубайым учурда Юридикалык академияда кафедра башчысы болуп иштейт. Юридика илиминин кандидаты. Азыркыга чейин бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, ортобузда таарынышуу деген жокко эсе.

«БАЛДАРЫМА БИЛИМ БЕРҮҮГӨ УМТУЛАМ»
-2 уул, 1 кызыбыз бар. Улуу балам Курманбек 15 жашта, 9-класста окуйт. Экинчи уулум Каныбек 5-класска окуп калды, кызым Саадат 8 айга толду. Уулдарым спортко жакын. Курманбек бокс менен, Каныбек күрөш, сууда сүзүү менен машыгат. Алардан чемпион чыгарайын деген деле оюм жок. Спорт мүнөздү тарбиялайт. Урганды билгенден да, соккуну тосконду билиш керек. Мындан сырткары комуз чертишет.
Үйдө материалдык байлыкты биринчи орунга койбойбуз, адамгерчилик, билим биринчи орунда. Балдарыма байлык эмес, болушунча сапаттуу билим берүүгө умтулам. Канчалык көп билсең, ошонун баары кийинкиңерге пайдубал болот деп үйрөтөм. Жумуштун көптүгүнөн улам убакыт тар. Кээде келинчегим «балдарың менен сүйлөшүп койбойсуңбу?» деп калат. Анан балдарымды чакырып отургузуп алып «эмне көйгөйүңөр бар?» деп сурайм. «Эч кандай деле көйгөй жок» дешет да, «анда барып сабагыңарды окуй бергиле» деп коём, тамаша (күлүп). Кожоюнмун деп эле келинчегиме, бала-чакага үстүртөн карабайм. Достордой болуп, түшүнүү менен жашайбыз. Бирок менин сөзүм талашсыз, айтканымды жасашат. Балдарды апасы катуу кармайт.

«МЕНДЕН УСТА, ИШКЕР ЧЫКПАЙТ»
- Колумдан устачылык жумуштар көп келе бербейт. Анын үстүнө кичинекей батирде кыла турган деле иш жок. Келинчегим да «сен скотч чыгарып койгон кытайларга рахмат айт» деп калат. Көрсө, розетка сыяктуулар бузулганда скотч менен эле чаптай берет экенмин.
Бизнеске таптакыр шыгым жок. Бирөөгө карыз берсем, унутуп калам же кайра сурагандан уялам. 90-жылдары Забайкальеде кызмат өтөчүмүн, Кыргызстанга келатып бир мүшөк булгаары күрмө алып келдим. Аны саттыруу үчүн дүкөндөргө таратып коюп, кайсы дүкөндөргө таратканымды унутуп калыптырмын. Ошол бойдон ал күрмөлөрүм түп орду менен жок болгон. Азыр маянабыздан башка кирешебиз жок.

«ТОО АРАЛАГАН ЖАГАТ»
- Азыркы убакта жумушка байланыштуу бош убакыт жок. Эсептеп көрсөм, быйылкы жылы 2 күнгө эле эмгек өргүүсүнө чыгыптырмын. Министрликтин Ысык-Көлдө санаториясы бар, ошого бир күнгө эс алып келгенге убакыт болбоптур. Негизи, аңчылык жагат. Мен үчүн жаныбарды атып алуудан мурун аңчылыктын жүрүшү кызык. Мисалга, тоону аралап басуу, табигатка суктануунун өзү эле эс алуу да. Анан да айылга барып апамдын колунан тамак ичип, 2-3 күн жүрсөм ошол артык.

«ДУШМАНДАРГА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛАБЫЗ»
- Мамлекет кандай болсо, армия да ошондой. Мамлекет бутуна тура албай жатса, армия бийикке учуп кете албайт. Армия өз ишин аткарып жатат. Мисалга, 2010-жылы элдин ортосунда чагым болуп, чыр чыкканда армия да кол кабыш кылды. Күн-түн дебей иштеп, каза болгондор да, жаракат алгандар да болду. Ал окуя жарандык согушка айланып кетпегенине биздин аскерлердин чоң салымы бар деп ойлойм. Жоокерлердин моралдык, сапаттык деңгээли жакшы. 2005-жылы, 2010-жылы болгон революцияларда армия саясатка аралашып бир тарапка ооп же экиге бөлүнүп кеткен жок. Кээ бир өлкөлөрдө, армия ар тарапка кошулуп, бири-бири менен согушуп жатышпайбы. Кудайга шүгүр, бизде армия мамлекеттин тынчтыгын сактоо позициясында бек турат. Кээси айтат, «чоң мамлекеттер басып келсе кантебиз?» деп, анын да ыкмалары бар. Мамлекетибизди коргоп калууга күчүбүз жетет.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таалайбек Өмүралиев: "Мамлекетибизди коргоп калууга күчүбүз жетет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Kubanychbekkagan
2012-12-17 10:19:11
Мына ушундай инсандар бийликти таза кармап иштесе Кыргызстаным, бир жылда гулдогон олкого айланат эле да. Таза иштегендер жанындагыларга жакпай калчу эле. Бул инсанды да тазалап коюшпаса эле болду эми.
0
manas1987
2012-12-17 12:56:45
Генерал деген атынынызга ылайык экенсиз ушунунуздан жазбаныз.
0
talasik
2012-12-17 20:27:14
Ишинизге ийгилик ден-соолукта таалыкпай иштениз
0
jhanibek
2012-12-18 03:32:04
Азаматсыз ишинизге ийгилик!
0
Juma1303
2012-12-18 11:10:01
ишинизге ийгилик уй-булолук бакыт каалайм
0
altinim
2012-12-18 16:36:18
жеке жашоонуз жакты жонокой жылуу уй було. ишинизге ийгилик!
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан