7-8-декабрь күндөрү өткөн 10 жылдык тарыхы бар «Супер-Инфонун» жыл жыйынтыгын чыгарган концерти «Супер сулуу» сынагы менен коштолду. Кыргызымдын керме каш кыздарынын баары сулуу, бирок ичинен сахнада өзүн алып жүрүүсү жана чырайы менен бир гана кыз «Супер-Инфонун» баш байгесине татыктуу боло алды.
СЫНАКТЫН ЖҮРҮШҮ
Сулуулар 4 баскыч менен таймашка түшүштү. Эң биринчи коктейль көйнөгүндө чыгып өзүн тааныштыруу, бикини көргөзмөсү, чыгыш бийи жана кече көйнөгүн көрсөтүү сыяктуу тапшырмалар берилген. Тапшырмалар оңой көрүнгөнү менен, зал толгон көрүүчүлөрдүн астында сүрдөбөй, өзүн туура алып жүрүү да чоң эркти талап кылат эмеспи. Өздөрүн тааныштырууда айрым кыздар толкунданганынан сөзүн таппай адашса, айрымдарынын өнөрү ашып-ташып, созолонтуп ырдап да жиберишти.
Алпаруучулар «жигиттер, кармангыла, азыр ысык болот...» дегиче болбой келбети келишкен сулуулар биринин артынан бири бикиничен чыга келишти. Залда жалаң эле жигиттер отурган окшойт, «айт-уйт» деп кыйкырык-ышкырык менен сүрөп эле жатып калышты. Жөнөкөй адамга кыздар жөн гана басып чыгып койгондой сезилгени менен, бийкечтердин ар бир кадамы калыстардын көз алдында эле.
Жүрөк кылдарын черткен музыканын коштоосунда сулуулар чыгыш бийин бийлегенде зал ого бетер жандана түштү. Жанданбагандачы, сулуулар ар концертте эле көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулай беришпейт да.
Жай музыканын ыргагы менен кериле басып кече көйнөгүн көрсөткөн бийкечтерди көрүп сыймыктанбай койбойт экенсиң. Чынында, кыргыздын кыздары сулуу! Алардын ар биринин көөдөнүндө «жеңиш меники болсун» деген мүдөөсү бар экени турган иш. А бирок калыстар бир гана бийкечти «Супер сулуу-2012» наамына көрсөтүштү.
ТААЖЫ ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ
Сынакка катышкан кыздардын көпчүлүгү «чет өлкөгө саякаттап келсем» деп кыялданган болсо, айрымдары «чоң сахнада өзүмдү сынап көргөнүм – мага чоң жеңиш!» дешти. КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева, КТРКнын Байкоочулар кеңешинин төрагасы Фархад Бекмамбетов жана коомдук ишмер Нурланбек Шакиев баштаган калыстар тобу кыздардын ар бир кыймыл, кадамын баалап, акыры төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти.
Арслана Малиева www.super.kg порталында көп талкууга алынып жана симпатияга ээ болгон сулуу катары «super kg ажары» деген наамга арзып, «Келдике» зер үйүнөн баалуу сыйлыкка ээ болду. «Ажарлуу сулуу» наамына өзгөчө коңур үнү жана бийге шыктуулугу менен Гүлназ Касымбекова татыды. Ага Эл аралык «Села» дүкөндөр тармагынын Борбор Азия боюнча башкы директору Канат Маматов 10 миң сомдук сертификат ыйгарды. Ал эми «Сымбаттуу сулуу» наамын алган Альбина Ишенбек кызына да «Келдике» зер үйүнөн зер буюмдар топтому белекке берилди.
Кыздардын арасынан өзүн алып жүрүүсү, таланты жана ажары менен өзгөчөлөнгөн Гузеля Келдибаева «Супер сулуу-2012» наамына арзып, экзотикалык өлкөгө жолдомо утуп алды. Анан да Гузеляга кымбат баалуу таажыны «Супер сулуу-2011» наамынын ээси Айсулуу Өмүралиева өткөрүп берди. Алпаруучу Азамат Эркинбаев сулууга барып «бир ооз сөзүңдү айта кет» десе, бийкеч толкунданганынан «рахмат» деген сөздү гана айта алды.
P.S. "Супер сулуу-2012" сынагын жогорку деңгээлде алып чыгууга көмөктөшкөн "Дизайн Мода" агенттигине ыраазычылык билдиребиз.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
Ташболот Досалиев
star@super.kg