CЮРПРИЗДЕРГЕ БАЙ «СУПЕРДИН» ТАНДООСУ

Мына ошентип жыл айланып, 2012-жылдын мыктыларын тандоо мезгили да келди. 7-8-декабрь күндөрү жыл ичинде талыкпай иштеген өнөр ээлеринин татыктуулары «Супер» деген наамга ээ болушту. Өлкөбүздүн эң популярдуу сыйлыктарынын бири болуп эсептелген «Супер-Инфо» гезитинин наамдары өз ээлерине тапшырылды.

КАЛЫСТАР ТОБУ
Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, калыстар тобунун төрайымы
Нурланбек Шакиев, коомдук ишмер
Бакыт Дыйканов, «ММКларды колдоо борбору» фондунун өкүлү
Жамалбек Жумаев, НТС телеканалынын башкы директорунун орун басары
Амангелди Кангелдиев, «Дордой» ассоциациясынын директорунун орун басары
Фархад Бекмамбетов, кинорежиссёр, КТРКнын Байкоочулар кеңешинин төрагасы
Саматбек Гуронов, "Билайн" компаниясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн директору
Динара Орозбаева, Борбор Азиядагы Америка университетинин өкүлү
Улан Барпиев, КВНчи, "Мегаком" компаниясынын өкүлү
Эркин Назаров, «Аю» компаниясынын аткаруучу директору
Канатбек Маматов, Эл аралык «Села» дүкөндөр тармагынын Борбор Азия боюнча башкы директору
Акжол Нишанов, "О!" уюлдук операторунун өкүлү

Концертти «Береке» жана «Upgrade» бий топторунун бийчилери жылдын феноменине айланган айтылуу «Гангнам стайл» бийи менен ачышты. Супер концерттин алпаруучулары Эрмек Нурбаев, Азамат Эркинбаев жана Нурзат Токтосунова да бул бийге кошо бийлеп, көпчүлүккө күтүлбөгөн сюрприз тартуулашты.

Концертибиздин биринчи күнүндө, тактап айтканда, 7-декабрда «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү, КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун кош майрамы эле. Дал ушул күнү Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезиттин негиздөөчүсү жарыкка келген. Министрди гезитибиздин жамааты жана «Супер сулуу-2011» сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева кыпкызыл розалардан турган гүлдесте сунуп куттуктадык.

Бул күнү концертте «супер» аталууга ат салышкан талапкерлер өз таланттарын калыстардын сынына коюшту. Ошондой эле бул күнү көпчүлүк күткөн сулуулар сынагы жыйынтыкталды.
Концерттин 2-күнү, 8-декабрда «Супер-Инфо» гезитинин президенти Шаиста Шатманова менен башкы редактору Бурул Исмаилова жылдын мыктыларына сыйлык тапшырууну баштап беришти.

«ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР ЫРЧЫСЫ»
Айчүрөк Иманалиева:
– Келе жаткан жыл мен үчүн жакшы жылдардын бири болот болуш керек, анткени мен мындай чоң наамды чынында күткөн эмесмин. «Супер-Инфо» гезитинин нускасы көбөйө берсин. Искусство адамдарын туура баалап, туура барктап, көңүл буруп жатканыңар эң жакшы жөрөлгө.

«ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР ТОБУ»
«Биз» тобу:
– Ачыгын айтканда, көптөн бери сыйлык ала элек болчубуз, 20 жылдык тарыхыбызда бул үчүнчү чоң сыйлыгыбыз. «Супер-Инфо», силер артисттердин, таланттуу адамдардын духун көтөрүп, чыгармачылыгын дагы өркүндөтүүгө дем берип келесиңер. Силерге чоң рахмат! Сахнадан так секирип бийлеп алдык.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ»
Каныкей:
– Мен сахнага жаңы чыгып келаткандан бери «Супер-Инфо» колдоо көрсөтүп келет. Бул сыйлык мага жыл сайын мындан да катуу, жемиштүү иштөөгө стимул берет. Быйыл эсебиме "Супердин" 5-статуэткасын коштум. Жашасын кыргыз эли! Жашасын "Супер-Инфо"!

Айнура Салахидинова:
– Менде капачылык жок, баары жакшы. Үчилтикке кирип, концертке катышканым эле мен үчүн жеңиш.

Чолпонай:
– Эки жылдан бери бул номинацияда жүрөм. Жеңем деген үмүт бар болчу, бирок жемиштүү иштегениме бир эле жыл болду. Буюрса, эмки жылы сөзсүз "Супер ырчы айым" аталам деп ойлойм.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ»
Нурлан Насип:
– Сахнага чакырганда мени башкача сезимдер каптап кетти. Толкунданганымдан дагы деле өзүмө келе албай жаткан учурум. Мен үчүн абдан күтүүсүз болду. «Супер-Инфого» чоң рахмат!

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ»
Асел Касымова:
– Мен бул сыйлыкка татыктуу болом деп күткөн эмесмин. Бегиш же Эльзар алат болуш керек деп ойлогом. Албетте, алсам экен деп тилендим ичимден. Бирок албай калгандагы абалга деле даяр болчумун.

Бегиш:
– Үчилтикке киргениме эле кубанычтамын. Эч кимге таарынычым жок. Асел эжени жеңиши менен куттуктайм.

Эльзар Өскөнбаева:
– Мен Бегиш алса керек деп ойлогом. Аселди биринчи жолу көрдүм. Ал эми өзүмө келсем, мен үчүн ошончо зал толгон элдин алдында ырдоонун өзү чоң сыймык.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ»
Каныкей, «Адаштым»:
– Чыгармачылыгымды кыргыз эли байкап-
баамдаганы, баалаганы үчүн чоң ыраазычылык. Ар убакта эмгегибизди баалап, талыкпай эмгектенип келаткан супер гезитке ийгилик каалайм.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ»
Курал Чокоев, «Билип жүр»:
– Сезимдеримди азыр сөз менен айтып бере албайм. Деңиздин толкунундай болуп эле толкунданып жатам. Өмүрүмдө биринчи жолу «Супер-Инфонун» "ат чабышына" түшкөм. Минтип, жеңүүчү аталдым.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ»
Азамат Сарыбаев:
«Жеңемби, жеңбей каламбы? Жеңип кетсем жакшы болот эле...» деп толкунданып жаткам. Буюрса, ой-тилегим орундалды, абдан кубанычтамын.

«КЕРЕМЕТ ЫР ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК!»
«Бульварым» ырынын обонун жаратуучу, КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев:
– Аталган ырды 1968-жылы жараткам, атайын жаштарга арналып жазылган. Убагында жаштар ырдасын деп жазып койгон экенмин, эми минтип үзүрүн өзүм көрүп жатам. Эмгегимди баалап берген белегиңерге ыраазымын, «Супер-Инфо».

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТОБУ»
«Чоро» тобу:
– Жеңишибиз үчүн баарына, өзгөчө калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз. Жашасын кыргыз музыкасы жана жандуу үн!

«Жебе» тобу:
– «Генерал болууну каалабаган солдат солдат эмес» деп коюшат эмеспи, анын сыңарындай, биз деле кийинки жылдары ийгиликке жетишебиз деп аракет кылабыз. Бул жылы үчилтикке кирип, супер концертке катышканыбыздын өзү эле чоң жетишкендик.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР КҮЛКҮ ЖАРАТУУЧУСУ»
Самат Эркинбек уулу:
– Толкунданып турам. Концерт ушунчалык ысык жана кызык болду. Аябай тердеп кеттик. Мындан ары да бул наам менен эле токтоп калбай, дагы эмгектенип, кыргыз юморуна бир аз да болсо салымымды кошом. Кыргыз тилин сүйөлү!

Бакыт Осмонканов:
– Мен чыгармачылыктагы иним Саматты чын жүрөктөн куттуктайм. Ал абдан кең пейил, март жигит. Бул Саматтын гана эмес, жалпы «Тамашоунун» жеңиши.

«ЖЫЛДЫН САХНА АЖАРЫ»
Чолпонай:
– Бул сыйлык менин быйыл жемиштүү иштегендигимдин далили. Кубанычымда чек жок. Атайын ырыма ылайыктап, ушул концерт үчүн дизайнер Бакыт Бешбаевге кийим тиктирген элем.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ»
«Президент жана бомж»
Тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков, режиссёру Ырыс Окенова:
– Тасма сатыкта аябай ийгиликтүү болуп, 5 ай бою кинотеатрларда аншлаг менен коюлду. Тасманын сценарийи курч окуяларга бай. Анын маңызы элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алганы үчүн "Супер-Инфонун" сыйлыгына татып отурат.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТЁРУ»
Аскат Сулайманов ("Президент жана бомж" тасмасындагы Омордун ролу үчүн):
– Кыргыз элиме, мага добуш берген күйөрмандарга, калыстар тобуна, силердин гезитке рахматымды айтар элем. Бул сыйлык мындан да жакшы ролдорду жаратууга мага чоң түрткү болот.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ»
Марал Койчукараева ("Ээнсиреген үй"тасмасындагы Аселдин ролу үчүн):
– Бул номинацияда ийгилик мен тарапта болорунан үмүтүм чоң болчу. Анткени сайтта жүргүзүлүп жаткан добуш берүүдө мен алдыда бараткам. Калыстардын тасмадагы актёрлук чеберчилигимди баалап, татыктуу баа бергенине ыраазымын.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ»
Кылычбек Саркарбаев:
– 3 жылдан бери бул номинацияда ат салышып келем. Быйыл жеңиш мага буюруптур. Абдан сүйүндүм. Бул күн мен үчүн кош майрам болуп, уулдуу болдум.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТВ ПЕРСОНАСЫ»
Эрмек Нурбаев:
– "Суперден" алган бул статуэткам бешинчиси болду. Кеп санында эмес. Эмгек кылсаң, акыбети кайтат деген ушул. Нурзатты да куттуктайм.

Нурзат Токтосунова:
– Эрмек жеңсе деле ыраазы болмокмун, бирок достук жеңип отурат. Мени колдогон күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем.

«ЖЫЛДЫН САХНА АДАМЫ»
Омар:
– Чынында, бул байге күтүүсүз болду. Себеби быйыл бир да наамга ат салышкан эмес болчумун. Сахнанын артында турганымда «Омар» деп чакырып калышканынан 2008-жылды эстеп кеттим. "Жаңы толкунда" Алла Пугачёва күтүүсүз жерден «Омар» деп айткан эле. Абдан кубанычтамын.

«КОШ ЖЫЛДЫЗ»
Урмат, Неля:
– 2008-жылы бирибиз «Супер ырчы мырза», экинчибиз «Супер ырчы айым» наамына ат салышып жатканда аябай күтүп, толкундандык эле. Балким, бүгүн деле сыйлык аларыбызды билсек толкунданмакпыз, ал эми күтүлбөгөн жерден алган сыйлыкка андан да катуу толкунданат экенсиң.

«ЖЫЛДЫН КААРМАНЫ»
Дайыр Исмадияров:
– Негизи, мен «Жылдын супер клиби» наамын алам го деп күтүп жаткам. Мага бул сыйлык өзгөчө сюрприз болду. Бул да болсо эмгек. Менин кылган эмгегимди «Супер-Инфо» жана кыргыз эли баалады деп ойлойм. Бир аз толкунданып турам. Чоң рахмат!

«ЖЫЛДЫН ИШЕНИМДҮҮ ӨНӨКТӨШҮ»
"Супердин" тандоосунда "Ишенимдүү өнөктөш" наамына өлкөбүздө ийгиликтүү иш алпарып, элдин ишенимине, сый-урматына ээ болгон компаниялар татыктуу болушту.

Сыйлык алган өнөктөштөрүбүздүн мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Үзүрлүү кызматташууга дайыма кубанычтабыз.

P.S. Концертти уюштурууга жардам берген скульптор Аcкар Турумбековго, "Алас", "Media Star", "Экарекордс" студияларына, «Супер сулуу-2011» наамынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева, «Сымбаттуу сулуу-2011» наамынын жеңүүчүсү Айтурган Исраиловага, «Ажарлуу сулуу-2011» Айзада Абдиевага терең ыраазычылык билдиребиз.

Лунара Бекиева
Асхат Субанбеков
Ташболот Досалиев
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдын супер концертинен репортаж (2-бөлүк)
Жылдын супер концертинен репортаж (1-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
maisi1919
2012-12-18 20:24:48
супер инфо алгаааааааааааааааа
0
sestra
2012-12-19 23:20:41
урмат менен нелядан болок кош жылдыз жок болсо... ушунчалык ырчылар кобойуп кеткенби?!
0
janelya
2012-12-20 07:54:03
Kirill s Aleksandry Zdras'te!!! Rada chto i vy na etoi stranice.Super Info spasibo za vse!:))
0
nurrayan93
2012-12-20 12:18:49
Нурлан Насип и Омар силерди куттуктайм!!!Силер ушул ийгиликке татыктуусунар
0
Adelina
2012-12-21 10:52:46
ушу Дайыр жакпайтта жон эле темселеп журот шоу бизнесте эч кандай талант жок. Озун укмуш жылдыз сезетта
0
mila9
2012-12-21 13:58:18
супер инфого "жылдын супер гезити" деген наам бердим!!!
0
mila9
2012-12-21 14:00:48
rusana,Айнура Салахиддиниванын кайсы сыйлыгын айтып жатасын?ал эч кандай сыйлык алган жок...
0
Apyz
2012-12-22 00:35:36
Марал Койчукаровго иийгилик каалайм келечекте мындан да коптогон ийгиликтерге жетишип журо беришине тилектешмин.
0
Jamalym
2012-12-22 15:32:06
«Каннам стайлды»бийлешкендери озгочо болуптур,азаматсынар!
0
kyrghyzboy
2012-12-22 17:30:50
бегишке бериш керек эле
0
rozittarozi
2012-12-23 01:47:55
нелянын койногу аябай жакты ))
0
Baian
2012-12-23 03:41:13
Бегиииииииш;(...Неге Бегиш эмееееес;(;(?
0
aika2009
2012-12-23 16:47:29
мен добуш бергендердин бири да сыйлыкка чыкпаптыр
0
maksimus
2012-12-24 09:13:47
konsertke barbai kalgaym gana okunuchtuu. Aiabai bargym keldi ele. Jumuqtan kol bowoboi kaldy da.
0
maksimus
2012-12-24 09:14:42
Nelya artkta[p jakwynakai bolup kalyptyr. Ato aiabai aryktap kalyptyr.
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан