ЖЕР САТКАНДАР ЖАЗА АЛЫШАР БЕКЕН?..

Өткөн аптада Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондун администрациясынын жана Маевка айыл округунун мурдагы жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Аларга КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 350 (жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр, бланкаларды даярдоо), 314 (пара берүү), 315 (кызматтык абалын ыйгаруу) жана 166-беренелери (алдамчылык) боюнча айып тагылууда.
Текшерүү учурунда 2010-жылдын 8-октябрында Маевка айыл округунун токтому менен аталган айылдагы 1,61 гектар жер тилкеси айыл чарба багытындагы категориядан калктуу пунктка өткөрүлүп берилгендиги аныкталган. Бул документ Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2011-жылдын 24-августундагы буйругу менен бекитилген. Ал эми андан аркы текшерүүнүн жүрүшүндө бул документ же аталган жер тилкесин трансформациялоо жасалма түрдө экендиги аныкталган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан