Жакынкы күндөрү Ош шаарында суук түшө баштагандан бери туруктуу жашоочу жери жок 4 жаран каза болду. Каза болгон жарандардын жашы 40тан жогору. Ош шаардык ИИБинен маалымдашкандай, абанын температурасы кескин түрдө төмөндөп кеткенде үй-жайсыз, көчөдө жүрүп каза болгондордун саны көбөйүп кетет. Кошумчалай кетсек, селсаяктарга атайын Ош шаарында кышында жардам берүүчү мекеме же бейөкмөт уюм жок. Ош шаардык ИИБи акыркы жылдары тиешелүү мекемелерге атайын турак жай ачуу үчүн сунуш жиберишсе да, ушул маалга чейин бир дагы жооп келген эмес.