Ош шаарындагы «Сулайман тоого» 2012-жылы 70 миң турист келгенин аталган комплекстин директору Абдраим Тургунбаев билдирди. Анын айтымында, 70 миң туристтин ичинен 2 миңи чет жерден келгендер. 11-декабрь күнү комплексте «Сулайман тоого»иш режимин киргизүү боюнча өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен укук коргоо кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдо «Сулайман тоону»ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактап, тоонун айланасын жакшыртуу маселеси талкууланды. Ошондой эле көп сандагы той кортеждеринин тоого чыгып, унаа тыгынын жаратып жатышкандары талкууга алынды.