20-декабрдан баштап Ош шаарында пиротехникалык каражаттарды саткан түйүндөр текшерүүгө алынат. Мындай билдирүүнү Ош шаардык ИИБи таратты. Тактап айтканда, Ош шаардык ИИБинин Коомдук коопсуздук бөлүмү тарабынан «Петарда»аттуу профилактикалык иш-чара уюшулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өрт кызматы жана салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте пиротехникалык каражаттарды сатуучу түйүндөр текшерүүгө алынат. Иш-чаранын максаты – пиротехникалык каражаттардын сакталыш шарттарын, сатылышын жана сатууга уруксат берилген лицензиясын текшерүү. Эгерде жогоруда аталган шарттар аткарылбаса, анда жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат.