Кара-Суу районундагы Жоош айылында жаңыдан курулуш иштери бүткөрүлгөн №45-Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеп колдонууга берилди. Мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район акими, мектептин жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун айтымында, быйыл Ош облусунда 60тан ашуун ар кандай мекемелер курулуп бүттү. «Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери мекемеге бюджеттен бөлүнгөн акча 47 миллиардды гана түзсө, 2010-жылдан тарта
100 миллиардга жетти. Эгер өлкөбүздө стабилдүүлүк орноп турса, мындай мектептерден далайы курулат деди»,- Сооронбай Жээнбеков. Кошумчалай кетсек, колдонууга берилген мектептин жалпы чыгымы 56 миллион сомду түзүп, 420 окуучуга ылайыкташтырылган.