Ош шаарында борбордук базар аркылуу өткөн жаңы унаа жолунун салынып жатканын, базардагылар жолго чыгып отуруп алгандыктан тыгын болуп жатканын өткөн сандарыбызда маалымдаганбыз. Эми жаңы жол салынып бүтүп, ачылышы болот. Тактап айтканда, шаардагы оңдолгон Кара-Суу көчөсү ишке берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Белгилүү болгондой, учурда жол курулуп бүтүп, көчөнү таштанды жана курулуш материалдарынан тазалоо иштери уланууда. Жол базардын чок ортосун кесип өткөндүктөн, буга чейин жолчулар түнкүсүн гана иштеп келсе, учурда күнү-түнү иштеп жатышат. Жалпы 30 жумушчу, 20 атайын техника ишке киргизилген. Жолдун расмий ачылышы 25-декабрда болмокчу.