Абдыкайым Ашымбаев, төкмө акын:«БАШ БАЙГЕ МАГА ТИЕТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»

Жакында эле Жалал-Абад облусунда төкмө акындардын башын бириктирген акындар айтышы болду. КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 85 жылдыгына, белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын 50 жылдыгына жана Жалал-Абад шаарынын 135 жылдыгына арналып өткөрүлгөн акындар айтышы Барпы Алыкулов атындагы драма театрында өткөрүлдү. Жеңишке түштүк чөлкөмүнөн келген 20 төкмө акын ат салышты. Калыстар тобунун арасында КРнын Эл артисти Жолболду Алыбаев, маркум Майра Керим кызынын жолдошу Канат Байышев жана башкалар отурушту. Мэриянын колдоосу астында өткөрүлгөн айтышка 400 миң сом каражат бөлүнгөн. 2 күнгө созулган айтыштын жыйынтыгында 1-орундун ээси Абдибали Акимбеков 50 миң сом, Шамырбек Тургунбаев 40 миң сом, Сапарбек Зулпуев 30 миң сом, акындардын ичиндеги жалгыз аял акын Жыпара Арзымаматова 20 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан тышкары катышуучулар менен конокторго да акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми биз баш байге – 70 000 сомду уткан төкмө акын Абдыкайым Ашымбаевди кепке тарттык.

ТӨКМӨ АКЫН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1970-жыл, 19-декабрь
Туулган жери – Сузак району, Ачы айылы
Сыйлыктары – Маданияттын мыкты кызматкери, республикалык, облустук кароо-сынактардын лауреаты
Учурда облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти, төкмө акын

– Абдыкайым мырза, жеңишиңиз кут болсун! Баш байгеге ээ болом деп ойлодуңуз беле?
– Рахмат. Ойлогон эмес элем. Мага жеңишти ыраа көрүшкөндөрүнө кубанып турам.

– «Манас»айткандардын түшүндө манасчыларыбыз аян беришет экен. А төкмөлөргөчү?
– Төкмөлүк өнөр – табияттан, жогорудан берилчү касиет. Эми улуулуктун касиети ошол экен, менин да аян түшүм дале эсимде. Колуна таяк кармап алган көзү азиз киши менден жардам сурап, «тиги алдыда бараткан кишиге жеткирип кой, балам»деп суранды. Мен «алдыдагы киши ким?»деп сурайм. Ошондо аксакал «ал молдо Аят деген болот»деп жооп берген эле. Бирок жетелешип тиги алдыдагы кишиге жетели десек да, жетпедик. Мүрзөгө карай жол тартып, «мен эми өзүм кете беремин, сен кайра артка тарт»деген эле. Ал түшүмдү айылдагы улуу жаштагы энеге барып айтсам, «ал Барпы тура, сени колдоп жүрөт көрүнөт»деп батасын берген.

– Качандан бери төкмөлүк өнөрдү аркалайсыз?
– 1993-жылы Маданият техникумуна тапшырып калдым. Ал жерде чыгармачылыктын учу-кыйырын кенен үйрөнүп, алгачкы кадамдарымды таштай баштадым десем туура болот. 1994-жылы төкмө акын Рахматулла Козукеев агайыма жолугуп, Жолболду Алыбаев агай менен таанышып, алардын ырын угуп, суктанып, акындык өнөрдүн башатын ачкам. 1996-жылдан тарта колума комуз алып, элдин жарчысы болуп келем.

– Устатыңыз ким деп билесиз?
– Айтылуу төкмө акын Рахматулла Козукеев менен таанышкандан тарта мени кайда болбосун ээрчите жүрчү. Ага чейин акын Тайырбек Сатыбалдиев мага чыгармачылык сыр, өнөр, анын бийиктигин, ыйыктыгын үйрөттү. Тайырбек агай мени үйрөткөн устатым болсо, Рахматулла Козукеев мени сахнага жетелеп чыккан устатым болуп калды деп билем.

– Ар дайым комузуңузду таңшытып жүрө бериңиз!

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Darkan
2012-12-22 21:43:10
бул айтыштын видео түрү
качан чыгат? көрүүгө мүмкүн болорбу?
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан