Калипа Чалова, ырчы:«ТАЕНЕМ ТАЛАНТЫМДЫ БИРИНЧИ БАЙКАГАН»

Элибизде таланттуулар көп. Алардын бири – Талас облусуна аттын кашкасындай таанымал ырчы Калипа Чалова. Эженин чыгармачылыгы жөнүндө кеп куралы деп редакциябызга чакырдык.

– Калипа айым, колуңуз такыр бошобойт окшойт, мына азыр да шашып келдиңиз...
– Ооба, өзүм Талас райондук Маданият үйүндө эмгектенем. Азыр Талас облустук райондор арасында кыргыз тилинин үч айлыгына карата өтүүчү сынакка кызуу даярдануудабыз. Мындан тышкары «Кош жылдыз» аттуу сынак уюштуруп, Таластын белгилүү адамдарынын ырдоо жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүп жатканбыз. Ошол иштер менен тынбай жүгүрүп жүргөн убагым.

– Чыгармачылыгыңызга кайрылсак, ырчылыкка кантип келип калгансыз?
– Ырчылык – эң кыйын кесип. Жараткандан берилген талантыңан баар табам десең, ошол кесиптин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, утканды да, утулганды да билиш керек. Ырчылык талант мага таякелерим жактан өткөн. Таенем Салыя кезинде Мыскал Өмүрканова менен Москвага чейин барып ырдаган адам болуптур. Таенем апама «бул кызыңдан чоң ырчы болбосо да, бир орто жоон ырчы чыгат» деген экен. Кичине кезимде эле короодогу койлорду көрүүчү кылып элестетип алып заңкылдап ырдай берчүмүн.
Мектепти 1978-жылы бүтүрүп, Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын 2 жылдык эстрадалык студиясынын вокал бөлүмүн бүтүргөм. Андан кийин Талас райондук Маданият үйүндө иштеп калдым. Эң алгачкы жолу сахнага 1982-жылы Бакай Ташиевдин «Ак жылдыз» деген ыры менен чыккам. Ортодо турмуш шартка байланыштуу 10 жылдай тыныгуудан соң чыгармачылыкка кайтып келип, ошол боюнча үй-бүлөмдү багып, кесибимди да аркалап келем.

– Үй-бүлө демекчи, канча уул-кызды тарбияладыңыз?
– 1 уул, 1 кызым бар. Кызымдын аты – Перизат, уулумдун ысымы – Жеңишбек. Алардан 5 неберелүү болдум. Балдарым чыгармачылыгымды улантса экен деп тилек кылчу элем. Бирок бул кыялымды неберелерим ишке ашырчудай.

– Чыгармачылыкта 25 жылдан ашык эмгектенип келе жатыпсыз. Алган сыйлыктарыңыз да көп болсо керек?
– Сыйлыктар көп эле болду. Айта кетсем, «Талас таңшыйт» эл аралык телефестивалда 2-даражадагы диплом менен сыйландым, 2005-жылы «Эл ичи – өнөр кенчи» республикалык көркөм өнөрүнүн биринчи салттуу кароо-сынагынын лауреаттык наамы менен жана
М.Өмүрканова атындагы алтын медаль менен сыйлангам. Мындан сырткары Р.Абдыкадыровго арналган жана Т.Казаковдун 60 жылдыгында да баалуу дипломдорго татыгам. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйландым. Т.Казаковдун «Күтүү» деген ыры менин атым менен «Алтын фондго» сакталып калды.

– Жеке концерт берейин деген максатыңыз барбы?
– Албетте, буга чейин чакан концерттеримди берип келгем. Эл алдына чыгып жүргөндөн кийин ырларыңды, кийген кийимдериңди улам жаңылап туруу керек. Буюрса, жаңы ырлар, жаңы формалар менен бир жакшы мааракелик концертимди берип алсамбы деген оюм бар. Азыр баары келип акча маселесине такалат. Бир ыр жаздырыш үчүн көп акча сарпталат. Анысы аз келгенсип, кыйналып жаздырган ырыңдын минусовкасын суроо-сопкуту жок эле алып башка ырчылар уялбай ырдашса, ичим аябагандай ачышат. Мен мындай адамдарды өз талантын сыйлай албагандар деп эсептейм.

– Чыгармачыл адамдардын кимиси менен жакшы катташасыз?
– А.Нарбаева, С.Садыкова менен катташып турабыз. А.Жетигенова, К.Таштаналиева, К.Раймалиева, Г.Калдарова менен да жакшы мамиледе пикир алмашып турабыз.

Нургүл Чабдарова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан