Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында өлкөдө биринчи жолу Каракол шаарынын жеке бренди кабыл алынды.
Маалымат жергиликтүү элге тез тарап, өзгөчө жаштар арасында кызуу талкуу жаратууда. «Эми Каракол дүйнөгө таанылат» деп кудуңдап жүргөндөр да бар. Караколдон чыккан товарлар мындан ары бренд менен чыгарылат. Каракол мэриясынын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси АЛМАЗ ИСАЕВ төмөнкүлөрдү сүйлөп берди.
– Көптөн бери Каракол шаары үчүн атайын бренд кабыл алсакпы деп ойлоп жүрчүбүз. Бизде башка шаарлардан айырмаланган Ысык-Көлүбүз, тоо лыжа базасы бар. Ар бир адам шаар брендин көрүп, ал кайсы шаар экендигин таамай билүүсү керек. Брендде кыргыздын Ала-Тоосу, Ысык-Көлү жана кол өнөрчүлүгүн чагылдырган кадимки «К» тамгасы орун алган. Логотипте оймо-чийме бар. Мындан ары Караколдон чыккан ар бир продукцияны дал ушул бренд менен чыгарабыз. Айта кетүүчү нерсе, бренддин өңү 4 мезгилге жараша алмашып турмакчы.