Баткен облусунун аймагындагы айтылуу Кудаяр хандын чеби тууралуу уккансызбы? Тарыхка кызыксаңыз, биз менен бул чепке сапар тартыңыз.
Кудаяр хан чеби – тоолуу, кууш капчыгайда, дарыяны бойлой дөңсөө жерде атайын тегиздеп салынган чеп. Бул чептен төмөндү көзөмөлдөп турууга ыңгайлуу болгон экен. Сууну бир топ ылдыйдан кол менен ташып, бир канча жумушчу күчү менен салынганын кеп кылышат. Чеп Кудаяр ханга таандык деп айтылат, бирок жергиликтүү тургундар «Кудаяр хандын бир аялы курдурган имиш» дегенди да айтышат.
«Бул чеп ким тарабынан, качан тургузулган жана чындыгында эле Кокон ханы Кудаяр тарабынан тургузулганбы?» деген суроого жооп алуу үчүн тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыровго барып, аталган чеп жөнүндө маалымат алдык.
– Бул эстелик боюнча тарыхый маалыматтарга таянсак, Кокон хандыгынын чеби 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын орто ченинде Кытайдын чек арасына жакын бийик дөңсөөгө тургузулган. Дубалдардын бийиктиги 2,7 метрге (алгачкы бийиктиги 3,2 метр), туурасы 1 метрге жетет. Бажыкана чептин айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда кыргыздардын көтөрүлүштөрүн басуу үчүн горнизон турган. Кыргызстан Орусияга кошулгандан кийин бул чеп пайдаланылбай калган.
Чептин негизги – жогорку бөлүгү 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегеректеп тургузулган. Эки коргон тең пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы жайлар, карооканалар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да туташ салынган. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу эркин баткандай көзөнөктөр жайгашкан. Кандай болгон учурда да бул чептин атайын коргонуу үчүн курулгандыгын ал курулуштун өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду толук далилдеп турат. Анткени тоо арасындагы албууттанган дарыяны бойлой кеткен жалгыз аяк жол бир топ татаал жана кооптуу болгондугуна карабастан, Сохтон Кара-Тегинге карай маанилүү жападан жалгыз гана жол болгон. Бул жол Ооганстан, Иран, Пакистанга чейин жетип, андан ары Индияга чейин барган.
Кудаяр хан чебинин дагы бир аталышы – Кан чеби. Себеби аталган чеп Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылында жайгашкан. Андыктан Кокон хандарынын бири Кудаяр курганы тууралуу маалымат бир аз жаңылыштык болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат тактала элек. Эгерде ушул маалыматка токтолсок, анда чепти ким курганы белгисиз боюнча калат. Анын «элден зекет жыйноо үчүн курулган» дегендиги бир аз чындыкка жатпайт. Анткени 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башында бул жерлерде эл сейрек отурукташкан. Кыскасын айтканда, Кан чеби дагы деле табышмак бойдон калууда.
Азыркы учурда Кан кыштагында жашаган калк өз демилгеси менен атайын арык казып, суу келтирип, бак-дарактар тигип, аны тарыхый жайлардын катарына кошушкан. Бул чеп келечекте туристтердин кызыктуу жайына айланарына жана көп кылымдар катып келген сырларынын ачылышына шек жок.