10-декабрь күнү Баткен районунун Паскы-Арык айылында жаңы балдар бакчасы ачылды. Аталган бала бакчанын курулушуна айыл өкмөтү тарабынан 385 миң сом акча бөлүнгөн. Ал эми жеке ишкерлер балдар үчүн деп 120 миң сом акча топтошкон. Андан сырткары
ЮНИСЕФ уюму тарабынан бакчага түрдүү оюнчуктар, парта, отургучтар берилген. Бала бакча эки чайкананы оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында курулган.
Ушул эле күнү Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылында да 100 орундуу бала бакча ачылды. Ага КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков катышты.