Ош-Исфана-Баткен жолун жаман абалынан улам «азаптын жолу» деп атап коюшчу. Эми ал аты өчүп, кандуу жолго айланып барат. Жогорку ылдамдыктын кесепетинен 8 айдын ичинде 80ден ашык ар түрдүү жол кырсыгы болгон. Декабрь айынын башында кеч күүгүмдө Баткенден 20 чакырым аралыкта жайгашкан Кош-Моло аймагында жүк ташуучу автоунаа Амиракул Төлөбаевдин 60 коюн койдуруп кеткен. Жолго жайнап калган койлордун көпчүлүгү мууздоого жетпей арам өлүшкөн.