8-декабрда Бишкектин Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 5 автоунаа кагышып, оор кырсык болуп, анда 3 адам каза тапты. Бул окуяга башкы күнөөкөр катары ЖКнын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов айыпталып, 10-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Соттук-медициналык экспертиза ал учурда Жакыповдун кызуу абалда экенин аныктады. Жакыповдун жактоочусу Акын Авазбеков «спирт ичимдигин эмес, бозо ичкен» деп чыкты. «Ал жол эрежесин бузбаган жана жогорку ылдамдыкта бара жаткан эмес» деди. Тергөөдө ал айдап бараткан Тойота Ленд-Крузер унаасына Мамлекеттик салык кызматына тиешелүү жасалма номер тагып алгандыгы да белгилүү болду.
Бул окуядан кийин депутат Төрөбай Зулпукаров «Кыргызстанда жолдо жүрүү эрежесин бузган айдоочуларга жазаны күчөтүү керек» деген сунуш айтып чыкты. «Азыр айдоочулар мас абалында рулга отуруудан коркушпайт. Адам өлүмүнө алып келген кырсыкка күнөөлүү айдоочуну 10-15 жылга эркинен ажыратууну сунуштайм. Учурда бул көрсөткүч 7-10 жыл деп көрсөтүлгөн. Айып пулду да 15тен 90 эсептик көрсөткүчкө чейин (9 миң сом) жогорулатуу зарыл»,- деди эл өкүлү. Белгилей кетчү сөз, кырсык болгон жердеги мекемелердеги камераларга түшүп калган видеодо депутаттын жардамчысы унааны өтө жогорку ылдамдыкта айдап баратып кырсыкка учураганы тартылып калган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg