«КОЛУМДУ КОЁ БЕРБЕ...»

«Мен сага бир окуя айтып берейин» деп чалган эжени эртеси редакциядан тосуп алдым. Эне менен баланын бул окуясы жүрөгүмдү жарып чыкты. Сиздерди да кайдигер калтырбайт деп ишенем.
– Мен аны биринчи жолу көргөнүм эстен кетпейт. Жок, балким, мурун эле көрүп жүрсөм керек. Бирок бет келишип таанышканыбыз ушул. Жаңы жылдык майрамда баары шаңдуу, бактылуу болот эмеспи. Бирок кесиптешим Касым байке бул жерде отурганына кыжалат болгондой саатын тез-тез карап коюп жатканын байкадым.
– Кечирип койгула, мен жылайын,- деди бир кезде. Дал маңдайымда отурган эле, көздөрү көзүмө чагыла түштү. Терең, кайгылуу тиктеген көздөр көөдөнүмө тепчиле калды.
– Кайда, дос, бир аз отурсаң... 
– Өзүңөр билесиңер да... Уулума...
Ушул сөздүн аркасында оор маселе жатканын менден башкасынын баары түшүндү окшойт. Анткени менин иштегениме аз эле убакыт болгон. Тез кийинип чыгып кеткен Касым байкенин аркасынан баары аянычтуу тигилип калышты.
– Уулу эмне болду эле?- дедим Анара эжеге шыбырай.
– Кара жерге кирсин, аялы 1 жашар уулун таштап, башка адам менен качып кеткен.
– Кантип качып кетиптир?
– Кийимин алып, «кечирип кой, мен кечигип болсо да сүйүүмдү таптым» деп кат жазып кетип калыптыр. Азыр баары оңой болуп калбадыбы.
Жүрөгүм мыкчыла түштү. Ошол күндөн кийин Касым байкеге карата боор толгоо пайда болду. Кийинчерээк экөөбүз бир райондо жашаарыбызды билдим. Бир күнү маршруткадан уулу экөө отурганын көрүп калдым.
– Касым байке, кандайсыз? Бул сиздин уулуңузбу?
– Жакшы, Перизат, ии, менин уулум!
Орун бошоп, алардын жанына отурганымда балакай колун сунуп  топчуларымды кармалай берди.
– Ай-ай бекен, сага берейинби?
Баланы колума алып, төбөсүнөн шуу-шуу жыттап алдым. Көзүмдөн жаш айланып, тамагыма бир нерсе тыгыла түшкөндөй болду. Анткени менин да жүрөгүм жаралуу эле. Турмушка чыга электигиме карабай, оорудан кийин врачтар жатынымды алып салышкан. Турмушка чыкпай жүргөнүмдүн сыры да ошол болчу. Кимдир бирөөнү баласыз, бактысыз кылгым келген эмес. Өзүм менен өзүм жалгыздыктын кемесинде жүргөн кезим. Алдымда отурган сары балапан ошол аялуу жарама тийип алганын сезбей, көзүн күлүңдөтө мени карайт. Шаардан жаңы конушка чейин бир топ эмеспи, бала менин көкүрөгүмө жөлөнгөн боюнча уктап калды.
– Биз келдик!- деди Касым байке.
Мен баланын ысык денесинен айрылгым келбей, эки жагымды элеңдей карап алдым. Баланы атасына берип жатып ууртунан уурдана өпкүлөп алдым.
Күндөр өтүп жатты. Ошол окуядан кийин мен кичинекейге жакындагандан жакындай бердим. Атасынан сурап алып үйүмө алып келем, убактымдын көбүн ага арнаганга аракет кылам. Менин каңгыраган кең дүйнөм Алихандын күлкүсү менен толчу болду. Бир күнү үйдө ойноп отурсак, Касым байке келип калды. Эркелешип отурган бизди карап, муңайым күлүмсүрөп алды.
– Чарчаттыбы бул?
– Жок, чарчатпай калсын. Азыр, мен кийимдерин жууп, үтүктөп койгом. Ала кетиңиз...- дедим.
Кийимдерин колуна берип жатып ал кишинин суроолуу тиктеп турганын байкадым. Уялып кеттим.
– Сен кимсиң, Перизат?- деди ал калтырай.
– Ким экем?
– Сен менин уулумдун бактысына жаралган жан болуп жүрбө? Кар чеңгелдеп, муздап калган жүрөгүмө жаз илебин берген жаркын адамым болбо?! Мээримдүүм, мен сен тууралуу бардыгын уктум. Тагдыр баркына жетпегенге бала берип, сендейлерди куру жалак калтырганы кандай? Бирок сендей жылуулук, мээрим бере алган адамдар бактысыз болбош керек. Кааласаң, мына колум. Өмүр бою колумдан чыгарбай өтөйүн. Турмуш жолунда тиги жаманыбыз, сен, мен болуп кол кармашып...
Эмне дейт элем? Күтүүсүз келген бактыма кол сундум. Үчөөбүз ушинтип бириктик.

xхх

Көз тийбесин, Касым экөөбүз бактылуу жашадык. Алихан акыл-эстүү, келишимдүү жигит болуп чоңойду. Зиректигин айтпа. Бирок чоңойгон сайын көздөрү ойлуу тартып, кандайдыр бир убайымдын артында купуя кайгы жеп жүргөндөй. Бир нерсени чече албагандай башын кашып көпкө отуруп калчу. Кыз жандап баштаган экен деп ойлоп койгом. Көрсө... Анын себебин өзүм деле тез түшүндүм.
Ошол күнү 15 жашка чыгып, туулган күнүн достору менен өткөргөнү жаткан. Кечке маал көйнөкчөн сыртка чыгып кеткенинен жылуу кийимин алып аркасынан чыктым. Үйүбүздүн жанындагы жолдо жеңил машинадан түшкөн келишимдүү аял уулумду кучактап, өпкүлөп жаткан экен. Жакын барганга чейин экөө тең мени байкашкан жок. Өпкүлөп жаткан аялды түртүп, уулум кысыла «болдучу эми, апа!» дегенин уктум. Жүрөгүм токтоп кала жаздады. Апа! Балапаным бир гана мени ушинтип атачу эле го. Болгондо да ушунчалык сүйүү менен айтчу. Кантип? Менмин го энеси?! Толгоонун азабын тартпасам да, тозоктун азабына батып эне болдум эле го?! Калтыраган боюмду кармай албай асфальтка кулап түштүм. 
– Алихан!- деп кыйкырып жибердим. Жалт тиктеген балам мага чуркап жетти. Боорукер байкушум, башымды жерден көтөрө салып ыйлап жиберди.
– Акмак, түштөн кийин келип эне болгуң барбы?!- деп мени алайып карап турган муздак жүздүү аялга кыйкырдым. Касым чуркап келгенче тиги машинадагы аял жок болуп кетти. Боорумду жерден көтөрө албай ыйлап жаттым.
Ошол күндөн кийин үй-бүлөбүздө Жаңыл деген ысым пайда болду. Жылт этип машина менен пайда боло калат. Баламдын эки көзү көчөдө. Өз деген өз экен да, бармактайынан багып-өстүрсөм да, балам ага боор толгоп турганын байкадым. Бекер уулумду кыйнабайын дедим. Өзүм канчалык кыйналсам да, экөөбүздүн ортобузда чайналбасын дегем. «Кетем» десе батамды берип, көз жашымды төгүп узатып кала берем деп өзүмдү даярдап жүргөндө курган балам балалык кылып мага айтпай качып кетиптир.
Олдо тентегим, ай, бир ооз айтсаң кой дейт белем? Берекем, ай, кантип сенин сезимиңди түшүнбөйт элем? Аркасынан «ээрчитип келем» деп кеткен атасы башын жерге сала кайтып келди. Экөөбүз унчугушпай түшүндүк. Акылым баш ийсе да, жүрөгүм бул жорукка баш ийгиси келбеди. «Эмне жеди? Эмне ичти? Бөлөк-бөтөн деп кордошпой жатабы? Анын тиги адамдан да балдары бар деп уктум эле, бардар өскөн немелер балапанымды шылдыңдашпады бекен? Башка үй-бүлөгө кантип батып кетти экен? Мени сагынды бекен?» Ушинтип ойлоно берип  жүрөк ооруга да чалдыктым. Ооруканада эс-мас абалымда жатсам, уулум атасы экөө палатага кирип келишти. Араң жатсам да, баламдын үнүн эшиттим. Ал ыйлап да, сүйлөп да жатты.
– Апа, кечир мени. Көрсө, төрөгөндүн баары эне боло албайт экен. Апалардын баары сендей эмес экен. Мен жашырбайм, өзүмдүн апам мага чын эле өзгөчө көрүндү. Сулуу, ишенимдүү, келишимдүү, мен аны менен жашасам гана бактылуу болом деп ойлодум. Барганда жакшы эле кабыл алгансыган. Бирок дилимди сыздатканы, сенден алган мээримдин бир бөлүгүн да бере албады. Беш маал карегимди тиктеп эмне ичип, эмне жегенимди сураган, түнү тажабай бөлмөмө кирип үстүмдү жаап, бетимден өөп кеткен сенин мээримиңе көнүптүрмүн, апа. Андан «канча акча керек? Бүгүн мен үйдө болбойм, бир нерсе сатып же, үйдү жыйнап кой. Эмне балдар менен уруштуң, сен алардан чоң эмессиңби?» дегенден башка жылуу сөз укпадым. Сенин «сары балапаным» деген сөзүңө зар болдум. Мен өзүңө кайтып келдим, апа, мени кабыл аласыңбы? Башка төрөсө да, менин дүйнөдөгү жалгыз апам сен экенсиң!
– Кагылайын, келгениңден кагылайын! Сени кечирбей кайда барам?- деп жаттым шыбырап.
– Апа, колумду коё бербе, карманчы! Бир гана бизди таштап кетпе... 
Уулум колумдан өпкүлөп, Касымым колумду бекем кармап турса, мен кайда кетмек элем?! Мен эң жакын адамдарымды таштап кайда кетмекмин?!

Перизат

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
kyrgyzka
2012-12-19 16:11:08
Bala birinchi kantip ketip kaldy eken, meni Chon Apam bakkan, torogon enemdi Chon Appamdyn jarymndai da jakshy koro albadym.
0
Ryskul888
2012-12-20 01:34:05
энени баладан, баланы энеден ажыратпасын Кудайым!
0
zeynegul
2012-12-21 12:59:58
ыйлабаска арга барбы? Кандай кана мээримдуу эне ылайым бактылуу болгула откон кеткенди эстеп коз жашым да кол болду!!!
0
zhika05
2012-12-22 01:21:42
таасирдуу окуя экен
0
Baian
2012-12-23 03:29:21
Эхх болду толук окуй албайм...Коздорум шишип кетет.А мен эртен иштешим керек:)
0
TAION
2012-12-24 00:23:24
Men da balapanymdy sagyndym,Yilaiturgan istoriya eken
0
Voin.teni
2012-12-24 04:06:49
бул окуялар "типичный" эле болуп кетти го:)
0
Bolain
2012-12-24 20:15:06
Окурмандар болду ыйлабагыла эми. Баары жакшы аяктаптыр. Мен болгон окуя учун эмес ыйлагандар учун ыйлагым келип кетти. Хе хе
0
MEDYA17
2012-12-25 02:37:27
tapkan ene emes, bakkan ene!
0
golyak
2013-01-01 09:42:57
Тиккен дарак соолуп калышы мункун, эгерде аны жакшылап карабаса...
0
Nuriko1
2013-01-08 20:52:00
Профессионал режисер болсо кино тартчу окуя экен..жаштарга абдан таасири тиет деген ишеничтемин...
0
Nasyrkg
2013-01-12 22:41:39
Нуржамал болгон нерсени жазбайт жон эле озунун чыгармалары
0
saltanat.
2013-03-16 17:54:17
Ыйлагым келип кетти ай,бактылуу болушсун
0
adik.01
2014-07-24 15:20:33
Супер инфонун жамаатына кайрылуу.
"Араң жатсам да, баламдын үнүн ЭШИТТИМ" деп жазып коюпсунар! Кыргыз тилинде "эшиттим" деген соз жокко же ХХХ ХХХ ХХХ? деген суроо туулат экен...
0
admin_portal
2014-07-24 15:38:11
adik.01 - 15 күнгө БАН!
Кыргыз тилинде "эшитүү" деген сөз бар. Ал "угуу" деген сөздү түшүндүрөт.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
Akyljan_
2020-09-28 12:47:16
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан